Салык кызматы бюджеттин кирешесин жасалма көбөйткөн — Башкы прокуратура

Башкы прокуратура Борбордук казыналык менен Салык кызматын текшерип, мекеме кызматкерлери бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн «жасалма көбөйткөнүн» аныкташты.

Ал үчүн укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсебинен салык кызматынын эсебине дээрлик жарым миллиард сом мыйзамсыз которулган.

«Аталган мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары алдын ала макулдашууларга барып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өздөрүнүн иштеринин натыйжалуулугун, тиешелүү деңгээлде аткаргандыгын көрсөтүү максатында, бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жасалма жол менен 100% жогорулатышкан. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2019-жылдын 31-декабрында укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсеп счетундагы салыктык чегерүүлөр болуп саналбаган 491 877 823 сом акча каражаты мыйзамсыз түрдө Салык кызматынын эсебине которулгандыгы аныкталган», — деп билдирди Башкы прокуратура.Демек, өкмөт парламентке салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн жүз пайыз аткаргандыгы тууралуу жалган отчёт тапшырган.

Башкы прокуратура «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады.