Кургакчылык. Суунун бир бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга электрдин акысына берилип жатат

Сүрөт: president.kg

Бишкекте Чүй облусунун дыйкандары кайрадан митингге чыкты. Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Камышанов айыл өкмөттөрүнүн 300дөн ашык тургуну бийликтен кургакчылыкка көңүл бурунуу суранышууда — айдоо жерлеринде түшүм жок болуу коркунучунда.

Митингге чыккандар жакынкы 7-10 күндө суу келбесе эгин күйүп кетерин айтышууда. Бул бир гана чыгымдарга эмес, Бишкекти азык-түлүк менен камсыздоого кедергисин тийгизет. Ушундай эле билдирүүнү дыйкандар өткөн аптанын аягында дагы айтып чыгышкан, бирок айдоого сугат суусу келген эмес.

Мындан тышкары, митингчилер өлкө бийлиги сууну Казакстан менен Өзбекстанга коё берип жатканына нааразы.

Суунун ордуна электр жарыгы

1-июлдан тартып чындап эле суу коё берилип жатат. Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстандан 1650 млн кВт/саат көлөмүмүндө электр энергиясын алуу жөнүндөгү келишимдин шарттарын аткара баштаган. Анын ордуна Кыргызстан 2023-жылга чейин жай мезгилдеринде суу берип кутулуп турат.

Кыргызстандын «Электр станциялары» төмөндөгүдөй түшүндүрмө берген: электрэнергиясы менен камсыздоо тууралуу макулдашууларга «Токтогул суу сактагычындагы суу ресурсун сактап калуу, калкты жана өлкөнүн экономикасынын тармактарын үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү» максатында март айында эле кол коюлган.

«Электр станциялар» ААКтын Фейсбуктагы расмий барагынан скриншот

Келишимге ылайык, Казакстан 2021-жылдын март айынан тартып ноябрга чейин Кыргызстанга 900 млн кВт/саатка чукул электр энергиясын берет, ал эми Өзбекстан 2021-жылдын мартынан 2022-жылдын апрелине дейре 750 млн кВт/саат электр берүүгө милдеттү.

Республикалар келишим боюнча милдеттерин аткарып жатышат, эми болсо Кыргызстан өз милдеттерин аткара баштаган.

«Электр станциялары» ошол эле кезде «өндүрүлгөн электр энергиясы аспаптар менен ченелип жатканын» жана башка тарапка суу сатылбаганын айтып ишендирүүдө.

«Буга чейин Токтогул суу сактагычындагы сууну сатууга шек жаралып бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлгөн. Андан тышкары, 13 депутаттан турган атайын депутаттык комиссиия белдүү басылмалардын журналисттеринин коштоосунда гидроэлектростанцияга барып кеткен. Белгилеп кетүүчү жагдай, алар Токтогул суу сактагычынан эч ким суу сатпаганына ишенип кайтышкан», — деп баса белгилешкен ведомстводон.

Макулдашууларга ылайык, Кыргызстан июндун акырына чейин бир гана Казакстанга Токтогул суу сактагычынан 77 млн кубометр суу агызууга милдеттүү. Тараптар бул маселени майдын аягында талкуулашкан.

«Ушул жылдын июнь айынын ичинде кыргыз тарап Казакстанга 70 млн кВт саат электр энергиясын кайтарып берет жана Токтогул суу сактагычыган кошумча 77 млн кубометр көлөмүндө суу агызууну ишке ашырат», — деп айтылат Казакстандын Экология, геология жана жер ресурстары министрлигинин сайтындагы кабарда.

Кызыктуу жагдай, бул боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы стадиясы жөнүндө маалымат казак ведомствосунун сайтына гана чыккан, ал эми сүйлөшүүлөр Бишкекте өткөн болчу.

Казакстандын Экология, геология жана жер ресурстары министрлигинин сайтынан алынган скриншотБирок кыргыз министрлер кабинетинин сайтында кандайдыр бир себептерден улам бул жолугушуу тууралуу маалымат жок. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын энергетика министрлигинин (мурдагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайты) расмий сайтында дагы жок.

Кыргызстан жакын арада Өзбекстанга канча суу агызууга милдеттүү экени тууралуу маалымат таба алган жокпуз.

Суу тартыштыгы жана энергетикалык каатчылык

Суу тартыштыгы 2020-жылы бүткүл Борбор Азия чөлкөмүн каптаган.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдө суу жана электр энергиясынын тартышы жараларын в билдирген. Бул жөнүндө ал 2020-жылдын август айында айткан. Ал кезде Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд куб метр суу жетишсиз болчу.

Ошол эле учурда бийлик электр энергиясын пайдалануу боюнча элге чектөө киргизбесин убада кылган. Бийлик суу сактагычта суу жетишсиз болуп атканын бир нече жылга улана турган суу тартыштыгы менен байланыштырган.

Бирок, 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашып, суук түшкөндө жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон: алгач электртутума болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган.

2020-жылдын ноябрь айынын башында өткөн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Равшан Сабиров күз-кыш мезгилине карата 19,5 млрд куб метр суунун ордуна Токтогул суу сактагычында болгону 14,7 млрд суу калганын айткан.

«Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, Казакстан менен 300 млн квт/саат электр энегиясына алмашуу болгон. Мындан тышкары, 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан килловатт-саатын 2,4 цент баасында 500 млн/кВт/саат импорттоо чечими кабыл алынган», — деген ал.

Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган. Аткаминерлер маал-маалы менен өчүрүүлөр болбосун дагы убада кылышкан, бирок үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонуп, электр энергиясын үнөмдөөнү суранышкан.

Республика 2020-2021 күз-кыш мезгилин жыйынтыктады, бирок Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли азайганын койбогон. Ал тургай качандыр бир кезде суу алдында калган мүрзөлөргө көмүлгөн сөөктөр, сууга чөгүп кеткендердин сөөктөрү жээкке калкып чыккан.

14-июнга карата маалымат боюнча, Токтогул ГЭСте суунун көлөмү 10,8 млрд кубометрди түзөт. 2020-жылдын июнь айынын ортосунда бул көрсөткүч 12,9 млрд кубометрди түзгөн, мындан эки жыл мурда ушул эле убакта суу сактагычта 14,4 млн кубометрд суу болгон.

Суу сактагычтын максималдуу көлөмү — 19,5 млрд кубометр. Акыркы жолу ал бул көрсөткүчкө чейин 2017-жылдын августунда толгон.