ТИМ: Новосибирскте май куюучу бекет жарылып үч кыргызстандык жабыркады

Новосибирск шаарында 14-июнь күнү кечинде май куюучу бекет жарылды. Кыргызстандын ТИМнин маалыматына ылайык, жарылуунун кесепетинен түрдүү даражадагы күйүктөр менен Новосибирск облустук клиникалык ооруканасына үч кыргызстандык жеткирилген.

ТИМден билдиришкендей, жабыркагандар Ош облусунун Кара-Суу шаарынын 1968-жылкы, Өзгөн районунун 2001-жылкы жана Чоң-Алай районунун 1988-жылкы тургундары.

Ошондой эле, май куюучу бекеттеги жарылуудан улам чыккан өрттүн кесепетинен кыргызстандык аял ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жарандары эмгектенген дөңгөлөк алмаштыруу пункту толугу менен жарактан чыкканы белгилүү болду.

«Бул жарандар тез арада коопсуз жайга чыгып кетүүгө жетишип калган. Өрт чыккан жерде алар менен Башкы консулдуктун кызматкерлери жолуккан. Паспорту күйүп кеткен бир жарандын өздүгүн аныктоочу документин Башкы консулдук кыска убакыт ичинде калыбына келтирүү үчүн тиешелүү иш-аракеттерди көрөт», — деп кошумчалады ТИМ.

Орусиянын РБК басылмасы аймактык ӨКМдин башчысынын орун басары Евгений Лебедевдин айткандарына таянып, жарылууга алдын ала маалымат боюнча газ ташыган унаа себеп болгонун жазат. Маалыматка ылайык, аталган унаанын газды станционардык цистернага куюуда жердетүүсү (заземление — ред.) болгон эмес.

Ошондой эле, басылманын 15-июндагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00гө карата маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен 33 адам жабыркаган.