Тажик аскерлери тарабынан кармалган укук коргоочу Тажикстандын аймагына кирбегенин айтты

Тажикстандын аскерлеринин куралдуу агрессиясынан жабыркаган Баткен облусунун Лейлек районундагы турак жайларды калыбына келтирүү иштерин мониторинг кылып жүргөн укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиеваны 15-июнда тажик аскерлери кармап кетип, кайра коё беришти.

Мамасалиева өзү фейсбук баракчасында окуянын чоо-жайын түшүндүп, такталбаган көчө менен айдап баратып, Тажикстандын чек ара постуна келип токтоп калганда кармалганын айтты.

«Мен Тажикстандын аймагына кирген жокмун. Тастыкталбаган көчө менен машинаны айдап кетип калып Тажикстандын постуна такалып калган жерден машинадан түшкөм. Ошол жерден чыгышып, мени кармап тажик аймагына алып кирип кетишти. Мен үчүн кыжалат болбоңуздар бирок чек ара маселесин чечиш керек», — деген Мамасалиева.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы тажик аскерлери Мамасалиевага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин коё беришкенин билдиришти.

Мамасалиева баштаган ыктыярчылар тобу май айынын башында Баткен облусунун чек арадагы кол салуудан жабыркаган аймактарын кыдырып, жабыркагандардын тизмесин жана алардын муктаждыктарынын картасын түзгөн. Андан сырткары, активисттер жаңы турак жайлардын курулушунун долбоору элге ачыктала электигин жана курулуш иштери кечеңдеп жатканын айтып чыгышкан.