Марипов жыйынга келбегендиктен министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө сунушталды

Бүгүн, 17-июнда парламент министрлер кабинетинин өлкөдө антикризистик чараларды кабыл алуу боюнча отчётун угушу керек болчу.

Депутаттар министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жыйынга келбей койгонуна нааразы болуп, ага ишеним көрсөтпөө вотумун жарыялоону сунушташты*.

*Президент Садыр Жапаров 5-майда кол койгон Конституцияда Жогорку Кеңеш өкмөткө жана министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө тууралуу вотум жарыялоо маселесин кантип карай турганы боюнча берене жок.

Жаңы Конституцияга ылайык, өлкөнүн аткаруу бийлигин — министрлер кабинетин — президент жетектейт. Ага ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан өз демилгеси менен, анын отставкасын өлкө башчысы кабыл алгандан кийин кете алат.

«Комитетте конкреттүү чечим чыгарыш керек. Же ишеним көрсөтпөө вотумун жасайбызбы же ал өз ишин так аткара алган жок деп бир чечим чыгарышыбыз керек. Ошондо олуттуураак болот да. Кечээ депутат Бакыт Райымкулов сүйлөдү эле, ал [Марипов] биз менен сүйлөшпөй калды, ал пресса аркылуу жооп берип койду Бакыт Райымкуловго. Ал биз менен пресса аркылуу сүйлөшүп жатат. Жаңы дайындалганда эмне деди эле? Чоң атанын сөзүн сүйлөгөн, ээ акимдер, арыктарыңарды тазалагыла, кийин арыктарыңарды көрөм деп. Мына жыйынтык жок. Суу жокпу? Жыйынтык жок», — деп билдирди депутат Бакыт Төрөбаев.

Төрөбаев Мариповдун Баткен облусундагы Кайырма каналына байланыштуу айткандарын* дагы эскерди.

*Депутат Мариповдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка каралып жатканда эл өкүлдөрүнүн алдындагы сүйлөгөн сөздөрү тууралуу ыйткысы келген болушу мүмкүн. Анда Марипов Төрткүл суу сактагычына барып куя турган каналдын бир бөлүгү Тажикстанга өтүп кеткенин айткан.

Бирок кийинчерээк өкмөт Марипов өз сөзүндө «1991-жылы 16-майда кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү маселесин айткысы келген» деп түшүндүргөн.

Марипов өзү 7-февралда Төрткүл суу сактагычына байланыштуу видео кайрылуу жасап, айрым бир күчтөр такталбаган маалымат таратып жатат деп болжогон. Ал кайрылуусунда Головной суу сактагычтан 500-600 метр жогору турган Кайырма каналы тууралуу айткысы келгенин билдирген.

Мариповдун айтымында, Кайырма каналы дагы коңшу мамлекет Тажикстанга таандык — ал бул «маселени дагы Кыргызстандын пайдасына чечүүнү» көздөйт.

«[Марипов] Баткен районундагы Кайырма каналы тууралуу айтып, эмне болду, кандай окуялар болуп кетти. Азыр комитет карасын, жыйынтык чыгарсын, фактор болдубу, азык-түлүктүн баасы көтөрүлдүбү, аркы-берки дагы маселелер көтөрүлдүбү. Мына ошолордун негизинде биз чечим чыгарып коюшубуз керек. Бизди уят кылып жатат, президентти уят кылып жатат. Жарлыктарды, дайындоолорду жана буйруктарды кайсыл мыйзамдын негизинде чыгарып жатат? Конституцияда бүгүнкү күндө бир эле укук берилген, жарлык чыгаруу укугу президентке гана таандык. Мариповго нааразычылык абдан күчөп жатат», — деди ал.

Депутат Марлен Маматалиев Мариповдун жыйынга келбегенин «эл өкүлдөрүн, депутаттарды сыйлабастык» деп атады.

«Премьер-министр өзү келип кризиска каршы кандай чаралар көрүлүп жатканын айтып бериши керек. Эгер жыйынга бүгүн чакырсак бир жөн, алдын-ала айтылгандан кийин келиши керек болчу», — деп билдирди Маматалиев.

Эл өкүлү Шайлообек Атазов Мариповду «эрке бала» деп атап, «МАИнин коштоосунда жүргөндүн ордуна» парламентке келип отчёт берсин деп агынан жарылды.

«Бул жерге келип отчётун берсин. Булар дагы деле асманда өзүн премьер-министр элестетип жүрүшөт. Буларды премьер-министр десек тегерегине күзөтчүлөрдү ороп алып, дагы деле МАИнин коштоосу менен жүрүшөт. Ошондуктан, эрке балабыз кай жерде жүрсө келип, бул жерден отчётун берсин», — деди Атазов.

Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Марипов БУУнун башкы катчысынын жардамчысы менен жолугуп жаткандыктан парламентке келе албай калганын билдирди. Анын айтымында, жолугушуу бир ай мурда эле дайындалган, ошондуктан төрага аны этибарга албай коё албайт эле.

«Биз ал келбейт деген жокпуз. Жолугушуулар бүтөөрү менен келет», — деди Абытов.

Антикризистик чаралар

COVID-19 пандемиясы башталып, Кыргызстанда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден кийин 2020-жылдын март айында өлкө масштабдуу кризиске сүңгүп кирген.

Өлкөнү саясий, экономикалык, азык-түлүк, суу жана баалар кризиси каптаган. 17-июнда парламент министрлер кабинетинин антикризистик чаралары боюнча маалыматын угушу керек болчу.

«Эгер андай чаралары болсо, албетте. Анткени алар көрүнбөйт, угулбайт дагы. Өлкөдө баалар өстү, кургакчылык каптады, ал аз келгенсип электр энергиясы менен жылуулуктун тарифин көтөргүлөрү келип жатат. Өкмөт жарандардын турмушун кантип жакшырта турганын айтып бериши керек», — деп билдирди 17-июнда парламент депутаты Дастан Бекешев.