Ат-Башы районунда кайнагасы келинин өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөттүн автору: Үсөн Акун

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынын түштүк тарабынан 16-июнда киши колдуу болуп өлгөн 38 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Тергөөнүн алдын ала маалыматтары боюнча келин кайнагасы тарабынан өлтүрүлүп, андан соң киши өз жанын кыйган.

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова «Клоопко» алгач Ат-Башы айылынын «Дамбы» участкасындагы токойдун жээгинде бакка асынып өлгөн 50 жаштагы кишинин сөөгү табылганын билдирди.

Андан соң маркумдун иниси жубайы эки күндөн бери дайынсыз экенин айтып милицияга арыз жазган. Ошол эле күнү агасынын сөөгү табылган жерден 500 метр алыстыкта күч колдонулуп каза тапкан 38 жаштагы аялдын сөөгү табылган.

Эсенгулованын айтымында, алдын ала тергөөнүн маалыматы боюнча кайнагасы келинин таш менен чаап, учтуу буюм менен сайып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралды. Бирок окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Буга чейин Сузакта аялынын колун байлап, мойнуна дөңгөлөк асып сабаган окуя катталган. Ал эми Ысык-Көлдө аялына атайлап бензин чачып өрттөсө, Кочкордо аялын атка сүйрөп өлтүргөн учурлар катталган.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси 2020-жылдын башында коомдо кызуу талкуу жараткан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Ошондо өкмөт аялдар менен балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген. Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы 10 жылда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйгөн. Ошол эле учурда жубайына, түгөйүнө зомбулук көрсөткөндөр административдик гана жазага тартылып, аларга айып пул, эскертүү берилип же коомдук иштерге тартылат.

Кылмыш иштери орточо эсеп менен катталган учурлардын алты пайызына гана козголот.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?