Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү: Бийлик «Газпром» менен баасын бычыша алган жок

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 17-июнда парламент жыйынында Бишкек ЖЭБди газдаштыруу убактылуу токтотулганын билдирди.

Мариповдун айтымында, буга өлкө бийлиги «Газпром» менен жаратылыш газын берүүнүн 1 миң кубометри үчүн баасы боюнча келише албаганы себеп.

«Газ боюнча азырынча жумуш токтоду. Баасы боюнча келишкен жокпуз. Анткени 175 долларга түшүрүп жеткиргенде дагы, бүгүнкү күндөгү биздин экономикалык жагдайга жооп бербейт экен. Эгерде 1000 куб үчүн 100 доллардын тегерегинде болсо, көмүрдүн баасына чыгабыз. Болбосо абдан чоң каражат болот экен, эсептедик. Көмүрдүн баасынан тогуз эсе көп болот экен»,— деп түшүндүрдү Марипов, Мамасадык Бакировдун ЖЭБди газдаштыруу тууралуу суроосуна жооп берип жатып.

Ошол эле кезде министрлер кабинетинин төрагасы «Газпром» сунуштаган бааны айта алган жок, бирок Кыргызстан энергетика жана газ тармагында Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Өзүңүздөр билесиздер, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Кытай аркылуу өткөн түтүктөр бар, бул багыттар дагы каралып жатат. Бирок ЖЭБ [Бишкек] маселеси азырынча ачык бойдон калууда», — деп кошумчалады ал.

Баа маселеси

Калаа ЖЭБин газга өткөрүү «Газпромдон» көз каранды экенин мурдагы өкмөт башчысынын м.а. Артём Новиков дагы айткан болчу. Новиков 2021-жылдын январь айында ЖЭБди кайра жабдуулоо үчүн 3,5 млрд сомго чукул каражат керектелерин билдирген.

От казандарды алмаштыруу муктаждыгы жок: алар союздан бери калган, газ менен иштөөгө ылайыкталган. Бирок сүйлөшүүлөргө карабастан тараптар газдын баасы боюнча келиши алышкан эмес.

«Бирок тариф ошол эле бойдон калып, өндүрүштүн баасы өсүп кетсе, анда акчаны кайдан табабыз? Албетте, экология маселеси абдан маанилүү, бирок экономикалык жагына да көңүл бурбай коё албайбыз да», — деген ошол учурда аткаминер.

Бишкек ЖЭБди газга өткөрүү кышкысын зыяндуу заттардын чыгышын азайтуу максатынан алып караганда да абдан зарыл. Бул калааны каптаган кара түтүндү дагы азайтууга өбөлгө болот.

Борбор калаадагы абанын булгануу көйгөйү кара түтүндү шаар тургундары байкап баштаган 2017-жылдан бери талкууланып келет. Бирок Бишкектин абасында зыяндуу заттардын көптүгү он жыл мурда эле айтылган.

Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себеби катары автоунаалардан чыккан түтүндөр деп эсептейт. Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жеке сектордо жашаган жана үйлөрүн көмүр менен жылытып, чыпка орнотпой жаткан адамдар бузушат.

Экологдордун айтымында, абанын сапатына көп батирлүү үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБдин чыгындылары кыйла зыян тийгизет. Анткен менен бийлик жылуулук борборунда катуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын 97 пайызга тазалап турган күчтүү чыпкалар турат деп билдирип келет.