Жол эрежесин бузган чиновниктердин 7 миң айып пулу кечирилген — депутат Осмонов

18-июнда «Коопсуз шаар» долбоорунун тендерин өткөрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өттү.

Анын жүрүшүндө депутат Айбек Осмонов жол кыймылынын эреже бузууларын каттаган «Коопсуз шаар» системасынын алкагында айдоочулардын 7 миң айып пулу кечирилгенин билдирди.

«Кийинки жыйынга штрафтар эмненин негизинде кечирилгенин, ал адамдар ким экени тууралуу маалымат даярдап келүүнү суранам. Жөнөкөй эл төлөп жатат, чиновниктер төлөшпөйт. Андай болбошу керек. Ким укук берген [штрафтарды кечирүүгө]?» — деди ал.

Депутат айыптарды чийип салган адамдардын дагы жоокерчилиги каралышы зарыл экенин кошумчалады.

Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитети жана ЖКККББ «Коопсуз шаар» ишке киргизилгенден кийин Бишкек шаары менен Чүй облусунда жол кырсыктары жана коомдук жайлардагы кылмыш фактылары «бир кыйла азайганын» бир нече жолу айтышкан.

Алардын маалыматына ылайык, Бишкекте программалык-аппараттык комлекстер орнотулган жерлерде кырсыктардын саны 72,2%га, ал эми Чүй облусунда эки эсе азайган.

Бишкекте камералар жол эрежесин бузуунун жети түрүн каттоого алат.

«Коопсуз шаар»

Жол кыймыл эрежелерин бузууну каттаган жана аны алдын алган «Коопсуз шаар» системасы толук кандуу 2019-жылдын 4-мартынан тартып иштей баштаган. Ал Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жана Чүй облусундагы эл аралык мааниге ээ авто жолдордо автоунаа кыймылдарын күнү-түнү каттап жана кылмыштардын бетин ачууга багытталган.

«Коопсуз шаар» — мамлекеттик «Таза коом» программасынын «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин идеясы боюнча «Акылдуу шаардын» ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамлекеттик кызматтардын бир бөлүгүн онлайн алса болот.

2020-жылдын августунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК) Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы башталганын, ал өлкөнү толук камтый турганын маалымдаган.

«“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу конушту камтыйт», — деп билдиришкен мамлекеттик комитеттен.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» кытайлык компаниясы утуп алган. Ал долбоорду ишке ашырууга эң төмөн баа сунуштаган — 2 млрд 655 млн сом.

Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltdнын расмий сайтында айтылгандай, кытайлык инновациялык компания билим берүүдө, медицинада жана башка тармактарда жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырат. Ал 1997-жылы негизделген. Reutersтин маалыматы боюнча, компания Шэньчжэнь фонд биржасына 2010-жылы катталган.

Компания өзүн акылдуу шаар жаатында Кытайдагы жасалма жана интеллектуалдык жабдууларды өндүрүүчү алдыңкы ишкана катары көрсөтөт.