Үч шаардык кеңешке кайра шайлоо: Үгүт иштери башталды

Ош шаарындагы шайлоо участогу. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоого үгүт иштери башталды. Бул тууралуу «Клоопко» Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди.

Азырынча БШКнын сайтына Бишкек шаардык кеңешине катыша турган гана партиялардын тизмеси жарыяланды. Изреков күн ичинде Ош жана Токмок шаардык кеңешине аттанган партиялардын да тизмеси сайтка жайгаштырыларын айтты.

Аталган үч шаардык кеңешке шайлоо 11-июлга дайындалган. Ага 43,8 млн сом сарпталаары күтүлүүдө.

Шайлоонун жокко чыгарылышы

Бишкек, Токмок жана Ош шаардык кеңештерине депутаттарды кайрадан шайлоо 11-июлга дайындалган. Анткени БШК буга чейин бул шаардык кеңештерге 11-апрелде өткөн шайлоону жокко чыгарган.

Мындай чечимге аталган шаарлардагы участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоо, добуш сатып алуу сыяктуу, админресурстун колдонулушу жана мыйзам бузуулар массалык мүнөзгө ээ болгону себеп болгон.

Ошол эле учурда депуттарды шайлоо менен бирге өткөн Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгы жокко чыккан эмес.

Мындан сырткары БШК мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепчи болгон талапкерлерди кайрадан шайлоого катыштырбоону сунушташкан.

Жокко чыгарылган шайлоонуну жыйынтыгында Бишкекте «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин Эл» партиялары 7%дык босогодон өткөн.

Ал эми Ошто «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Ыйман нуру» партиясы алдыга чыккан. Токмокто болсо «Эмгек», «Бирге», «Эл биримдиги» жана «Республика» партиялары шайлоодон утуп чыгышкан эле.