Кыргызстан — жакыр, коррупциялашкан, криминал жана сабатсыз адамдар басып алган өлкө экени сизди кейитеби?

Биздин жашоочулар иштеп, жакшыраак акча табуучу жерлердин аз экени, айласыздан алар Орусия сыяктуу өлкөлөрдө оор жумуштарда иштеп жүргөнү жаныңызды ачытабы?

Биздин өлкөдөгү шайлоонун жыйынтыгын добуш сатып алуу же админресурс аркылуу басым жасоо чечип калганы сизди да тажаттыбы?

Анда биздин командага кошулгула, себеби биз билим берүү жана англис тилин үйрөтүү аркылуу ушунун баары менен (бул эле эмес, башкасы менен да) күрөшкүбүз келет.

Булардын өз ара кандай байланышы бар?

Биз Кыргызстандагы көптөгөн көйгөйлөрдүн түпкү себеби, жакырчылыктан улам болууда деп эсептейбиз. Биздин өлкөдө жүз миңдеген кишилер өтө жакыр жашайт. Сиз орто заар деңгээлде же бай жашасаңыз деле бул биздин орток көйгөйүбүз, барыбызга тиешелүү маселе.

Жакыр адам, орой айтканда кара курсактын гана камын жейт. Анда өз укугу үчүн күрөшкөнгө ички ресурсу абдан аз калат. Эгерде жокчулук алкымдап келсе, биринчи максат ачка отурган балдарынын курсагын тойгузуу болсо адамдар — аргасыз ар кандай кадамдарга барып, ал тургай абийирин да соодалашы мүмкүн.

Бул коррупциялашкан бийлик менен кылмыш дүйнөсүнө майдай жагат. Анткени колунда жоктордун арасынан баштыкка салынган миллиондорду мыйзамсыз чыгарып кетүү үчүн курьерди тапкан оңой да. Же кабат үйдүн жашоочуларына акча таратып, добушун сатып алган үй башчысы четтен чыгат. Же белгилүү сумма колуна карматсаң кылмышка көзүн жумуп коюучу милиция кызматкерин табуу кыйынга турбайт.

Ошондо жакырчылык менен кантип күрөшүү керек?

Биз Кыргызстанда атаандаштык жараткан профессионалдардын көп болушун каалайбыз. Кайсыл кесиптин ээси болбосун, өлкө ичинде гана эмес башка мамлекеттерде дагы талашка түшкөн адистер болсо дейбиз.

Ошол эле учурда, жарандарды өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылбай турган кесиптерге басым жасоону чечтик. Пандемияга рахмат, андай кесиптер көбөйдү: програмисттерден тартып санариптик иллюстраторго чейин, колл-борбордун операторунан тартып интернет дүкөндүн сатуучусуна чейин, финансылык кеңешчиден мобилдик оюндардын түзүүчүлөрүнө чейин.

Биз өлкөбүздө жүз миңдеген адам мекенинен, эң жакшысы — кичи мекени же жашаган шаарынан эч жакка кетпей эле көбүрөөк киреше тапканды үйрөнүшүн каалайбыз.Мисалы, Таласта, Баткенде же Таш-Көмүрдө айына жок эле дегенде 250 доллар кирешени оңой эле таба алган көптөгөн адамдардын коомдоштугу пайда болгонун элестетип көрсөңүз. Бул шаарларда турмуш түп тамырынан өзгөрөт. Биринчиден, бул маанилүү инвестициялардын келишине жол ачат, экинчиден, жогоруда аталгандай киреше тапкан адамдарды коркутуп-үркүтүү, ал тургай сатып алуу дагы оңой-олтоң болбой калат. Ал эми эгерде адамдар мындан да эки эсе көп киреше таба баштасачы?

Бул баарыбыз үчүн пайдалуу болот. Ал адамдардын сарптоолору дагы көбөйөт. Алардын айланасындагы инфраструктура жакшырат.

Баса, биздин дагы бир кыялыбыз — эл арасында байлар менен кедейлердин ортосунда ири ажырым жоголсо дейбиз. Биз билим берүүгө инвестиция кылуу менен, биринчи кезекте Кыргызстанда көлөмдү, туруктуу, көз карандысыз, эркин орточо классты курабыз деген үмүтүбүз бар.

Эми вакансия тууралуу айтпайсыңарбы?

Ооба, вакансияга келсек. Жогоруда айтылгандарга керектүү билимдин баарынын пайдубалы англис тилин билүү деп эсептейбиз.

Англис тилинин популярдуу жана универсалдуу болгонун ушундан билиңиз, англисче сүйлөгөн киши өзүнө дээрлик бардык жактан эшик ача алат: а) билим берүүнүн бардык тармагында; б) кызмат көрсөтүүнүн эбегейсиз чоң рыногуна;

Биз бүткүл Кыргызстандын мектеп окуучуларына англис тилин үйрөтөбүз. Окутуу онлайн форматта болот — ооба, соңку жылы биз онлайн-билим берүүнү колдон келишинче окудук.

Ал үчүн бизге ким керек?

Долбоор менеджери

Долбоорду менеджердин жана мугалимдин ишин бирдей алып барган адам жетектейт. Англис тилинен сабак берүү ал адамдын убактысынын болгону бир бөлүгүн алат — калган убактарда ал программаларды иштеп чыгат жана түзөт, башка мугалимдердин ишин координация кылат, программисттер менен иштешет (алар тууралуу алдыда), тилди сапаттуу үйрөтүп жатканыбызга көз салат.

Бул абдан жоопкерчиликтүү кызмат, бул кызмат үчүн бизге англис тилин үйрөтүүнүн эң заманбап ыкмаларын, ошондой эле онлайн-билим берүүнүн акыркы жетишкендиктерин билген адам керек. Кыргыз тилин билүү эң чоң артыкчылык болот.

Англис тили мугалими

Биз англис тили мугалимдеринен турган топту жалдап иштетүүнү пландап жатабыз. Биринчи кезекте, англис жана кыргыз тилдерин жакшы билгендерге суроо-талап болот. Бизге ишке ашырып жаткан максатыбыздын канчалык маанилүү экенин түшүнгөн, биринчи кезекте жасаган ишинен жыйынтык чыгарууга кызыкдар болгон (окуучулары англис тилинде сүйлөп чыгышы керек) мугалимдер керек.

Программисттер

Долбоордун техникалык камсыздоосун колдоо үчүн бизге программистерден турган топ керек. Биз төмөнкү кесип ээлерин издейбиз:

  • React программасын билген фронтендерлер;
  • Django программасын билген бэкендерлер;
  • Маалыматтарды анализдөө багытындагы адистер;
  • Мобилдик колдонмолорду иштеп чыгуучу адистер (Андроидке өзүнчө, Айфонго өзүнчө дагы, кааласа экөөнө тең)

Эгерде квалификацияңыздан күмөн санап, бирок биздин идеяны жактырып жаткан болсоңуз жана програмист болуп иштөөнү самасаңыз «Клооптон» стажировкадан өтсөңүз болот.

Финтех жана банк иши боюнча адис

Бизге банктар, акча которуулары, төлөм системалары кандай түзүлгөнүн билген адам керек. Кайсыл бир учурда биз окуучуларбызга аралыктан туруп иштеген жумушту табууга жардам бергибиз келет, андыктан бизге Кыргызстандын шартында акча которуунун (кыйла чектелүү) эң ылайыктуу ыкмасын ойлоп таба алган адам керек. Бул позиция толук иш күнгө милденттендирбейт, биз консультант алууну пландап жатабыз.

Экономист

Бизге тигил же бул аралыктан иштөө жумушуна канча адам потенциалдуу түрдө орношо алаары, андай аралыктан иштөө жумуш орундары канчалык натыйжалуу болоорун түшүнүү жана башкалар маанилүү. Ал үчүн бизге потенциалдуу рыноктун көлөмүн эсептегенди жана экономикалык божомолдорду түзгөндү билген экономист керек. Бул консультативдик позиция толук иш күнүнө ылайыкталган эмес.

Билдирмелерди кайда жөнөтүү керек?

Долбоор менеджери же англис тил мугалими позициясына тапшыруучулар үчүн форма

Програмисстер үчүн форма

Экономисттер, финансы технологиялары жана банк иши боюнча адистер үчүн форма