Өзгөндө «пикир келишпестиктен» улам 18 жаштагы тургун ок жеп каза тапты

Ош облусунун Өзгөн районундагы Досмат айылынын 18 жаштагы тургуну октон каза тапты. Милициянын маалыматы боюнча, аны өзүнөн бир жаш кичүү айылдашы курал менен атып өлтүргөн.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей, маркумду 18-июнда жергиликтүү тургун Куршаб аймактык ооруканасына алып келген. Ал эми каза болгон тургундун атасы Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө байланышып, окуя тууралуу кабар берген.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө Кароол айыл аймагынын Шералы айылына караштуу Досмат-Ата конуш жайытында 17 жаштагы тургун өз ара пикир келишпестиктен улам 18 жаштагы тургунду көкүрөгүнүн сол жак бөлүгүнө атып жибергени аныкталды», — деп билдиришти милициядан.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, сайсыз бир найлуу 16 калибрдүү ок атуучу курал жана эки гильза тапкан. Учурда маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ок атуучу куралга баллистикалык экспертиза жүргүзүлүүдө.

Бул окуя Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жанан жоруктардын бирдиктүү реестирине «Киши өлтүрүү — башка кишинин өмүрүн кыюу» беренеси боюнча катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.