Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы өткөн митинг.

Нарын облусундагы Ат-Башы районундук администрациясынын алдында 23-июнда соода-логистикалык борбордун салынышына каршы митинг өттү. Ага чейин президент Садыр Жапаров жергиликтүүлөр борбордун курулушуна макулдугун бергенин кабарлаган.

Нааразычылык акциясына 10дон ашуун тургун чыкты. Алар өкмөт «логистикалык борбордун долбоорун элге көргөзбөй жатканын» айтышты. Ошондой эле, митингчилер «эгерде борбор курулса эл жайытсыз калат» деп билдиришти.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Медербек Жунусалиевдин айтымында, бийлик мурдагы эле кытай инвесторлорунун кызыкчылыктарын сүрөмөлөөдө.

«Мурунку бийлик үч башка сүйлөдү эле, азыркы бийлик дагы ошону кайталап жатат. Ошол эле инвесторлор салат, ошол эле долбоор боюнча салынат. Аны ачык айткандан чочулап жатышат. Чек арага жакын жерге салынат. Анын ичинде жайыттар, андан сырткары Ат-Башы районунун Калинин айылы дагы кирип калат. Эл кайда барат? Салса анда башка жерге салсын. Ат-Башы эли каршы. Аз элди чогултуп алып, анан алардын макулдугу менен салабыз деп жар салыптыр бизди түтөтүп. Бул туура эмес да», — дейт минингдин уюштуруучуларынын бири.

Митингге чыккан Назарбек Мамбетурдуев Садыр Жапаров Ат-Башыга келип элге туура эмес маалымат берип кеткенин билдирип, бийлик тарабынан элге ачык маалымат берилбей жатканын кошумчалады.

«Мурунку бийлик бул маселени бүттү козгобойбуз, токтом жокко чыгарылды деген. Өткөндө президент келип эми кайра ушул маселени козгоп аз эле адамдын добушу менен логистикалык борбор салынат деп кетти. Жапаров элдин кызыкчылыгын эч качан ойлогон жок. Ал “Ат-Башынын эли 100% колдоду” деп жатат. Кытайлар салбайт, муну Пакистан, Өзбекстан салат дейт. Алар Ат-Башынын суугуна чыдабайт. Кантип иштетет. Эгер чындап ошолор салса анда эмнеге долбоорду көргөзгөн жок? Биз карышыбыз, эгер салынса анда жайыт жерлер кошо кетет», — деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна жасаган сапары. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президенттин Нарынга болгон сапары

18-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын облусунун Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуп, соода-логистикалык борбор «элдин макулдугу менен салынаарын» айткан.

Анда Жапаров логистикалык борбордун долбоорун 4-5 ай изилдеп чыгып, инвесторлорду топтогонун жана инвесторлор менен сүйлөшүүдө жергиликтүү тургундардын пикири эске алынаарын, ошондуктан ал Ат-Башы районунун тургундары менен кеңешешүүгө келгенин билдирген.

«Ал соода-логистикалык борборду салууга бир эле Кытай мамлекети кызыктар эмес ага Түркия, Пакистан, Өзбекстан мамлекеттери дагы кызыктар. Логистикалык борбор Ат-Башыга салынса анда бүтүндөй Нарын облусун ошол эле багып коёт. Мындан сырткары жумушчу топтун 95%ы кыргыз жарандары, ал эми 5%ы чет өлкөлүк жарандар болот. Бирок алар долбоордун башчылары болот», — деген өлкө башчы.

Мындан сырткары Жапаров бул долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат бөлүүгө даяр экенин белгилеп, логистикалык борбор салынса 25-30 миң адам жумуш менен камсыз болоорун айткан.

Жапаров өз сөзүндө 2020-жылы өкмөттүн начар иш алып барганын айынан салынбай калганын айтып, эгер быйылкы жылы дагы жергиликтүү тургундар логистикалык борборду салууга каршы чыкса, анда соода-логикалык борбор Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына курулаарын кошумчалаган.

Баштапкы долбоорго ылайык, логистикалык борбор «Торугарт» өткөрмө бекети менен Ат-Башы айылынын ортосуна курулмак.

Ат-Башыдагы нааразылык акциясы. 17-февраль, 2020-жыл. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Соода-логистикалык борбордун талашы

Логистикалык борбордун талашы буга чейин дагы көтөрүлгөн. Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борборду куруу үчүн аны ишке ашыруучу «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ишканасына Кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылган. Логистикалык борборду курууга Лю Ин 280 миллион доллар каражат жумшамак. Бирок ошол келишим түзүлгөн убакта мамлекетке эч кандай кепилдик келишимдер түзүлгөн эмес. Баардык тобокелчиликтерди компания өз мойнуна алган.

2020-жылдын башында эле жергиликтүү тургундар соода-логистикалык борборду салдырууга каршы чыгып, Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда бир катар митингдер өткөн. Себеби Ат-Башынын 2000 гектар Арпа жана Ак-Сай өрөөнүндөгү жайыт жери 49 жылга Кытайларга ижарага берүү келишимин жокко чыгарууну талап кылышкан.

Ошол кездеги экс- премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-февралда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, «Ат-Башыга соода-логистикалык борборду салууга жергиликтүү эл каршы эмес, элди социалдык тармактагы 20-30 киши дүрбөтүп жатат» деп айткан.

Ошол эле жылдын 15-февралында логистикалык борбордун салынышына каршы «Ат-Башы жаштары» бийликке кайрылуу жасашкан. Кайра эле 17-февралда 1000 ашык киши Ат-Башы райондук администрациясынын алдына митингге чыгышкан. Мындан улам өкмөт логистикалык борборду куруудан баш тартууга аргасыз болгон.