Республикалык штаб акыркы суткада коронавирустан беш адам каза таапканын билдирди. Үч адам Бишкекте, Ош менен Чүй облустарында бирден киши каза болду.
Штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда пандемия учурунда жалпысынан 1 958 адам каза болду. Алардын баарында коронавирус тастыкталган.
Сутка ичинде коронавирус жуктуруунун 822 жаңы учуру катталды.
- Бишкек — 300;
- Ош — 70;
- Чүй облусу — 207;
- Ош облусу — 93;
- Талас облусу — 9;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу — 20;
- Жалал-Абад облусу — 80;
- Баткен облусу — 42.
Жалпысынан пандемия учурунда Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 118 106 адамга жетти.
Штабдан билдиришкендей, сутка ичинде 475 адам оорудан айыгып, оорукадан чыгарылган. Өлкө ичинде пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктурган жана пневмонияга кабылган 106 858 бейтап айыгып чыккан.
Акыркы суткада коронавирус жуктурган медицина кызматкерлердин саны 21 адамга жетти. Пандемияда башталгандан бери жалпысынан медиктердин арасында 5 208 учур катталган. Айыккандардын саны 4 807 адамды түзөт.
Республикалык штабдын 24-июнга карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда COVID-19дан 2 604 адам ооруканада дарыланууда, алардын ичинен 120сы — өтө оор абалда. Андан тышкары, 5 626 адам амбулатордук шартта дарыланууда.