Катардан келген врачтар угуусу начар 29 баланын кулагына операция жасайт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 23-июнда Катар мамлекетинин элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти жана Катардан келген дарыгерлер менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар беш күн ичинде угуусу начар 29 жаш балага *кохлеардык имплант коюуу операциясын жасоону макулдашты.

*Кохлеардык имплантат — бул медициналык жабдык, угуу нервине таасир берүүчү протез. Ал бейтаптардын угуу жондөмүн калыбына келтирүүгө жардам берет.

«Операциянын бардык чыгымдарын жана ошондой эле кохлеардык импланттарды Катар тарап көтөрөт. Операцияларды өткөрүү менен гана чектелбестен, кыргызстандык адистерге тажрыйба алмашууга жана потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк ачылат», — деди Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, Кыргызстанда дагы жаш балдарды кохлеардык аппарат менен камсыздоо боюнча программа ишке кирүү алдында турат жана ал үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Мындай жол менен Кыргызстанда *жаңы төрөлгөн ымыркайларга аудиологиялык скрининг жүргүзүү жана кохлеардык имплантация жасоо боюнча эки программаны ишке ашыруу пландалууда.

*Жаңы төрөлгөн ымыркайларга аудиологиялык скрининг жасоо — бул көйгөйдү өз учурунда аныктоо жана балага тил үйрөнүп, коомго адаптация болууга жардам берүүчү чараларды көрүү мүмкүнчүлүгү. Мындай процедура төрөт үйлөрүндө жүргүзүлөт.

«Донорлордун колдоосу менен жарым жартылай жабдуулар алынууда. Андан тышкары угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте аныктоого жардам берүүчү скрининг апараттар менен бардык төрөт үйлөрүн камсыз кылууга жардам керек», — деп кошумчалады Бейшеналиев.

Катар жалпы жонунан кыргызстандык балдарга 150 кохлеардык имплант бөлүүнү пландап жатат. 2021-жылдын аягына чейин 50 операция жасалышы күтүлүүдө, калгандары 2022-2023-жылга чейин жасалат. Ошондой эле, зарылчылык болсо Катар кошумча 50 имплант берүүгө даяр.