Министрлер кабинети COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдү киргизбейт — Марипов

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 24 июнда коронавирус кырдаалына байланыштуу жарандарга кайрылуу жасады.

Марипов министрлер кабинети баардык массалык иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөй турганын эскертти. Ошону менен бирге, эч ким 2020-жылдагы «кара июлдун» кайталанышын каалабай турганын кошумчалады.

«Өзүңүздүн жана жакыныңыздын өмүрүнө коркунуч келтирбеңиз, көп эл чогулган жерлерден алыс болуңуз, тойлорго жана башка ири иш-чараларга барууну чектетиңиз», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Кыргызстанда соңку эки аптадан бери коронавирус жуктуруу кескин көбөйгөнү байкалып жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 25-июнга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруунун 875 жаңы учуру катталды.

Пандемия башталгандан бери 118 981 жуктуруу учуру катталды. Муну менен катар өлкөдө эмдөө кампаниясы жүрүп жатат. Бирок калкты эмдөөдөн өткөрүү апрел айында башталганы менен 25-июнга карата вакцинанын биринчи дозасы болгону 102 303 адамга, ал эми экинчи дозасы 75 122 адамга сайылган.

Эмдөө кампаниясы начар болуп атканын министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов дагы көз жаздымда калтырган жок. Ал 24-июндагы жыйында саламаттык сактоо министрлигин препаратты алып келүү жана келишимдерди түзүү маселеси кечиктирилип жатканы үчүн сынга алган.

«Бизде эмдөөдөн өткөндөрдүн саны абдан аз, 2 млндон ашык жаран коопту топко кирет, сөзсүз эмдөө алуу керек. Вакцина маселесин тездетпесек болбойт. Жакынкы күндөрү сатып алып, өлкөгө алып келүү керек», — деп билдирди Марипов.