Сутка ичинде COVID-19 илдетинен жети адам каза тапты, 892 учур аныкталды

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада COVID-19 илдетинен жети бейтап каза болгонун маалымдады. Үч адам Бишкекте, экөө Чүй облусунда, Ош жана Жалал Абад облустарында бирден адам көз жумган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурганы тастыкталган 1 971 адам каза тапкан.

Министрликтин маалыматы боюнча, сутка ичинде коронавирус 892 адамда тастыкталды.

  • Бишкек — 401;
  • Ош облусу — 81;
  • Ош — 55;
  • Чүй облусу — 143;
  • Жалал-Абад облусу — 110;
  • Баткен облусу — 61;
  • Ысык-Көл облусу — 27;
  • Нарын облусу — 7;
  • Талас облусу — 7.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун жалпы 119 973 учуру катталды.

Мындан тышкары, акыркы суткада 524 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Өлкө боюнча пандемия убагында коронавирус же ооруканадан тышкаркы пневмониядан 107 915 бейтап айыкты.

Ошондой эле сутка ичинде 36 медик COVID-19 илдетин жуктурганы белгилүү болду. Жалпысынан пандемия башталгандан бери короанавирус 5 267 медиктен тастыкталды, анын ичинен жалпы 4 830 медкызматкер айыкты.

Ошондой эле штаб 26-июнга карата ооруканаларда 2 811 бейтап дарыланып жатканын, алардын ичинен 132си өтө оор абалда экенин билдирди. Мындан тышкары, дагы 6 108 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.