«Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун юристтери Башкы прокуратура иштеп чыккан Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстеринин жаңы версияларындагы тобокелчиликтерди талдап айтып беришти.

Алар президент Садыр Жапаров менен парламенттин алтынчы чакырылышынан кодекстерди реформалоону токтотуп турууну суранып жатышат. Юристтер бул реформа президенттин кайрылуусу менен тапшырмаларына каршы келерин баса белгилешет.

Юристтердин пикиринде жаңы кодекстер адам укуктарын жана аларды коргоо боюнча Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин бузат. Ошондой эле, кайрылуунун атворлорунун айтымында, кодекстердин Башкы прокуратура сунуштаган версиясы репрессия жана тоталитаризмге багытталган.

Кайрылуунун авторлору судьялар менен укук коргоо органдарында коррупция жана кысым үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, ал эми жарандарда укуктарын коргоого мүмкүнчүлүктөрү азаят деп кооптонушууда.

«Клооп» юристтерди тынчсызданткан жана Садыр Жапаровдун жаңы Конституцияга кол койгондогу кыргыз элине кайрылуусуна каршы келген жагдайларды таап, алардын маанилүүлөрүн талдап чыкты.

Дзержинскийдин иштөө ыкмаларын кайтаруу

Башкы прокуратура ар бир кайрылуу же укук бузуу фактысы 24 саат ичинде КЖБРге катталып, ал боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган механизмдин Кыргызстанга кереги жок деп чечти. КЖБР системасы жоюлат, ал эми иш козгоо же андан баш тартуу тууралуу чечимди 20 күн ичинде тергөөчү кабыл алат.

Шектүү кылмыш болгон жерден кармалса дагы, ал 20 күндүк тергөөгө чейинки текшерүүнү жана ал боюнча иш козголушун күтөт.

«Аталган институт 1927-1928-жылдары, репрессия маалында Феликс Дзержинский тарабынан киргизилген. Бул жарандар үчүн укук коргоо органдарынын ишинде таптакыр укук табууга мүмкүн болбогон стадия болгон. Анда иш жүзүндө кылмыш болуп жатса дагы кылмыш ишин козгоо же козгобоо чечимин тергөөчү кабыл алат. А чынында мындай кылмыштар тергөөчүнүн каалоосуна карабастан автоматтык түрдө иликтөөнү талап кылат», — деп белгилешет юристтер.

Кыргызстан көз карандысыздык алгандан кийин токсонунчу жылдары ушул практика колдонулуп, кийин алынып салынган. Азыр Башкы прокуратура аны кайра алып келүүнү көздөп жатат.

«Опер кызматкерлер расмий кылмыш иши козголгонго чейин адамдарды жылдап мазактап, түндөп суракка чакырып, түшүнүк кат же иштин материалдары менен опузалап, ары-бери жүгүртө беришчү.

Бул баскычта, көптөгөн адвокаттардын, укук коргоочулардын жана процесстин башка катышуучуларынын күбөлөндүрмөлөрү боюнча, кыйноолор, уруп-токмоктоолор, адамдарды мазактоолор болгон, бул жерде көпчүлүк “жайгаруулар” жана адамдардан акча опузалоолор болгон», — деп билдиришет юристтер.


Тергөөчү чечим кабыл алганга чейин шарттуу жабырлануучу менен шарттуу шектүүнүн макамы түшүнүксүз — аларды күбө катары суракка алып, коррупцияга жылчык калтырышат.


Ошол эле учурда шектүү азыркы кодекстерде жазылган кармоонун негиздүүлүгүн текшерүүнү талап кылуу жана адвокат жалдоого же өз алдынча коргонуу укугунан ажырайт. Камакка албай эле кадимки суракка чакырууда деле адамда аталган укуктар болгон.

Эгер жаңы кодекстер ишке кирсе, шектүүгө кармалгандан кийин дароо эмес, биринчи сурактан кийин адвокат берилет. Бул аралыкта кармалган адамга жасап, көрсөтмө берүүгө мажбурлашы мүмкүн.

«Иш жүзүндө кармоо менен факт түрүндө алып келүүнүн ортосунда суткалар, балким андан дагы көп убакыт өтүшү мүмкүн. Укук колдонуу практикасы көрсөткөндөй, бул өтө кооптуу иш, анткени ал арада шектүүнүн адвокаты болбойт, көбүнчө тергөө жүргүзүүнүн мыйзамсыз ыкмалары колдонулат кыйноого, опузалоого жана пихологиялык басымга кабылат. Кыйнап “мойнуна алдыргандан” кийин гана шектүүгө адвокат дайындалат», — деп белгилешет юристтер.

Укук бузулганын айтып арыздануу оорлойт — арыздарды кароо мөөнөтүн Башкы прокуратура арыздын жагдайына жараша 3 суткадан 10-20 суткага чейин узартып жатат.

Камоолор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр


Башкы прокуратура президент майда бейбаштык үчүн жарыялаган гуманизацияга карабастан кыргызстандыктарды көбүрөөк кармоону сунуштап жатат.


Юристтер аталышы мазмунуна туура келбейт деп жаткан Башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө жаңы кодексинде (БТКБК) «анчейин мааниге ээ эмес кылмыштар» үчүн каалаган адамды соттун уруксатын албай туруп эле белгилүү бир мөөнөткө камап койсо болору жазылган.

Мындай шартта адвокаттын коргоосуна тергөөгө жана адилет сотко болгон укук жоголот.

«БТКБК долбооруна ылайык, күнөөсүздүк презумпциясы сакталбастан кармоо дайындалып, укук бузуу фактысы эч кандай иликтөө жана далилдерди чогултуусуз, протокол түзүү менен катталып камакка алынат. Эл аралык стандарттарга ылайык, майда-барат укук бузуулар үчүн камакка алынбашы керек», — деп эскертишет юристтер.

Аны менен катар, юристтер жаңы кодекске ылайык, тергөө же соту жок эле камакка алуу митинг, пикетке чыккандарга, бийликтин көз карашы менен макул эңместерге колдонулушу мүмкүн деп чочулашат: анткени БТКБКны кийин редактирлеп койсо дагы болот.

«Окуя ушундайча өнүгө турган болсо, бардык катышуучулар камакка алынат. Бул жарандардын биригүү эркиндиги сыяктуу конституциялык укугуна терс таасирин тийгизет жана жарандардын фундаменталдык укуктарын муунта баштайт. Кийин мыйзамга тынчтык митингдери тууралуу эмне жазса да, дал ушул КППУ камоолор менен кармоолордун жөнгө салуучу куралына айланат», — деп белгилешет юристтер.

Кодекстин авторлору республикада кабыл алуучу-бөлүштүрүүчү жайлар же өзгөчө тартиптеги камакка алуу үйлөрү жок экенин, жана бюджетте аларды камсыздоого ашыкча каражат жок экенин эске албай жатышат. Эгерде кыска мөөнөттү камакка алуулар жөнүндө мыйзамда жазылган болсо эл аралык стандарттар мамлекетти ушундай жайларды даярдоого милдеттендирет.

Ага ылайык, мисалы 15 суткага соттолгон адам убактылуу кармоо изоляторунда рецидивист жана өзгөчө оор кылмышка айыпталгандар менен бирге олтурат. Бул дагы бир катар эл аралык жоболорду бузуу болуп саналат.

«Убактылуу кармоо изоляторлору жеңил-желпи кылмыш кылган адамдарды кармоого ылайыкталган эмес. Бирок мындай каардуу практика Кыргызстанда болуп турат. Элестетип көрсөңөр, мындай окуяга кабылган адамдар кандай кыйноолорго, уруп-согуу жана кемсинтүүлөргө дуушар болушат. Бул жарандарга дагы, ишкерлерге дагы тиешелүү», — деп эскертишет юристтер.

УКТ, коррупционерлер жана алдамчылар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Президент жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жарыялаган коррупция жана УКТ менен күрөш дагы сөз бойдон калат. Кодекстердин жарыяланган вариантында УКТ мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жеңилдетилген — «Кылмыштарды жазык-укуктук квалификациялоонун атайын эрежеси» беренеси алып салынган.


Бул демек, УКТ мүчөсүн Уюшкан кылмуштуу топтун мүчөсү болгону үчүн же дагы кандайдыр бир мыйзам бузуу үчүн эмес, бир гана мыйзам бузуу үчүн — мисалы, опузалоо боюнча соттошот, ал эми УКТга мүчө болгону эске алынбайт. Мындан улам, 15-20 жылга эркинен ажыратуунун ордуна алар болгону 5-7 жылга камалат.


«Жазык кодексинин долбоорунда 40тан ашуун ар турдүү беренелер “кылмыштуу топ тарабынан жасалган”, “кылмыштуу топтун курамында туруп жасалган” квалификациялоочу белги менен толукталган. Ошол эле мезгилде, атайылап кылмыш жасалган башка 150 учурда ушундай эле квалификациялоочу белги эмнегедир колдонулган эмес. А кылмыштуу уюм каалагандай кылмыш жасай алат да», — деп белгилейт юристтер.

Кодекстердин жаңы версиясы коррупционерлерге дагы жардам берет — коррупция түшүнүгүнүн аныктамасы алынып салынганына байланыштуу жаза жеңил болуп калат — 10 жылдан ашык эркинен ажыратуунун ордуна көп болсо беш-сегиз жыл каралат.

«Президент өзүнүн адатка айланган элге жана депутаттарга кайрылуусунда коррупцияга аралашкандардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу айтканына карабай, Башкы прокуратура сунуштаган формулировка буга каршы келет. Ал эми бүгүнкү күндө коррупцияга байланышкан кылмыштар көп катталып, коомчулукта коррупция менен күрөшкө болгон суроо талап күч алды», — деп эске салышкан юристтер.

Андан сырткары банктык көз боёмочулук менен акча адалдоонун катышуучуларынын дагы жашоосу кыйла жеңилдейт — жаңы Жазык кодексинде юридикалык жактардын жоопкерчилиги алып салынган. бул кадам менен Кыргызстан өлкө аркылуу акча чыгарып кетүүнү жеңилдетүүгө, терроризмди каржылоого жана БУУнун коррупцияга каршы конвенциясын бузууга кадам шилтейт.

Үй-бүлөлүк зомбулукка түрткү болгон жаңы мүмкүнчүлүктөр

Президенттин кайрылуусунда аялдарды, балдарды жана аярлуу топторду коргоо тууралуу сөз болгон.

«Акыркы жылдары аярлуу топторго карата кылмыштар, мисалы, аялдарга, балдарга жана алардын мүлкүнө кол салуу сыяктуулар коомчулукта абдан көп нааразычылык жаратууда. Мындай кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүү керек. Ошондуктан мен мыйзамга тиешелүу түзөтүүлөрдү киргизүүнү тапшырдым», — деген Жапаров 5-майда.

Бирок Башкы прокуратура, бардык оор эмес жана анча оор эмес кылмыштарды жабыркаган адамдын атынан же анын өкүлүнүн атынан келип түшкөн арыздын негизинде гана тергелиши керек деп чечим чыгарган. Иштин тергелишин тараптардын элдешүү келишиминин негизинде токтотуп коюууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бул кодекстер күчүнө кирсе, милиция мындан ары күбөлөрдүн билдирүүсүнө, ЖМКлардын билдирүүлөрүнө, кризистик борборлордун өкүлдөрүнүн кайрылуусуна жана үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыштар жөнүндө башка сигналдарга жооп бербейт дегенди билдирет. Кылмышкерди жоопко тартуу дагы татаалдашат, мисалы:

  • иш жүзүндө нике мамилесин түзүүгө мажбурлоо;
  • никеге тууруга мажбурлоо;
  • жашы жете элек менен никеге туруу;
  • үй-бүлөлүк зомбулук;
  • ата-энелердин балдарын багуудан баш тартуусу;
  • жашы жете электи кылмыш жасоого катыштыруу.

«Бул коркутуп-үркүтүүгө, коркутууга, жабырлануучуга кысым көрсөтүүгө жол ачат. Мындай кырдаалда арыз келип түшпөйт. Коомубуздагы зомбулуктун курмандыктары үй тирандары, зордуктоочулары, кыйноочулары менен бетме-бет калганда укмуштуудай психологиялык басымга дуушар болорун биз билебиз; жабырлануучуларга арыз жазыш үчүн канчалык деңгээлде эрк жана кайраттулук керек», — деп белгилеген юристтер.

Ошол эле учурда, эгерде оор эмес жана анча оор эмес кылмыштан жабыркаган аял милицияга келип, тергөөчү ишти 20 күндөн кийин козгогон учурда дагы — ал аны элдешүүгө мажбур кыла турган кысымдан корголгон эмес.

Элдешүүнү Башкы прокуратура жашы жете электердин кызыкчылыктарын, психикалык жана физикалык ден соолугуна таасир эткен беренелердин катарына кошкон. Мисалы, бул:

  • жашы жете электерди порнобизнеске тартуу;
  • сексуалдык аракеттерге мажбурлоо;
  • сойкулукка мажбурлоо;
  • сойкулукту жана бузукулукту жайылтуу;
  • мыйзамсыз эркинен ажыратуу;
  • психиатриялык ооруканага мыйзамсыз камоо;
  • иш-жүзүндө нике мамилесине мажбурлоо;
  • никеге турууга мажбурлоо;
  • диний ырымдар учурунда нике курагы тууралуу мыйзамын бузуу.

Юристтер кодекстер долбоору «олуттуу кайра кароого жана коомчулук менен кызыктар тараптардын катышуусундагы кеңири талкууга муктаж» экенин белгилешет.

«Аларды шашылыш кабыл алууга болбойт. Кодекстердин адамдарга таасирин жана алардын миллиондогон жарандарга, өлкөнүн уюмдарына таралышын эске алуу менен, аларды кабыл алууга шашылбай турууну сунуш кылабыз», — деп жүйөө келтиришет алар.

Мыйзам чыгаруудагы каатчылыкка байланыштуу алар бийлик өкүлдөрүнө жардам сурап кайрылышат.

«Президентке жана Жогорку Кеңешке сот жана укук коргоо органдарын түзүү процессин колго алууну жана Кылмыш, Кылмыш жана Жазык, Жазык-процессуалдык жана Жазык-аткаруу кодекстерин кароону буткүл реформаны бирдиктүү стратегиялык документтин алкагында синхрондоштуруп, консолидациялоого жол берген аналитикалык иш жүргүзүлүп, Мыйзамдарды өзгөртүү концепциясы жана Кылмыш юстициясын жүргүзүү стратегиясы иштелип чыкмайынча артка жылдырууну өтүнөбүз».