Юридика илимдеринин кандидаты Шерик Рыскулов

Бишкекте 2021-жылдын 29-июнунда юридика илимдеринин кандидаты Шерик Рыскулов 42 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Рыскулов коронавирустан каза тапкан.

«Иштеген жеринде аны билимдүү, кадыр-барктуу юрист жана адамгерчиликтүү адам катары баалашчу. Рыскуловдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы бүтүндөй өлкө үчүн орду толгус жоготуу», — деп билдиришти саламаттык сактоо министрлигинен.

Шерик Рыскулов 1979-жылы 23-ноябрда Чүй облусунда жарык дүйнөгө келген.Рыскулов кесиптик ишмердигин 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридика факультетинде жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мугалим болуп эмгектенип баштаган.

Рыскулов көп жылдар бою Кыргызстандын укук жана бизнес тармагын өнүктүргөн. 2020-жылдан тартып Улуттук илимдер академиясынын Политологиялык изилдөөлөр борборунун илиимий кызматкери болуп иштеп жаткан.

«Рыскулов 2020-жылдын апрелинен тартып Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүдө олуттуу салым кошту», — деп билдиришти саламаттык сактоо министрлигинен.

Рыскулов өзүнүн эмгек жолунда юстиция жана финансы министрлигинин бир катар ардак грамоталары менен сыйланган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 2000 адам көз жумду. Андан бери илдет жуктургандардын саны 125 003 адамга жетти.

Материалды Айзирек Осмонова менен Жаңыл Умуралиева даярдады.