Асел Мамбеталиева. Сүрөт: Дилде Шатанова

Нарын шаарынын тургуну 42 жаштагы Асел Мамбеталиева 14 жыл мурда кырсыкка учурап, белинен ылдый кыймылдабай биринчи топтогу майып болуп калган. Баспай калгандан бери аны жолдошу жана кыздары карайт. 3500 сом алган жөлөк пулу дары-дармегине дагы жетпейт.

«2007-жылы Бишкекте аялдамада мени бак басып калган. Ошол учурда эч кандай шамал деле болгон эмес эле. Дарак карып калган экен. Ал кезде шаардан жер алып, эки бөлмөлүү там салып жашап жатканбыз. Ошол жакта калабыз деген ой менен жүрчүбүз. Анан минтип кырсыктап калдым. Шаарда кымбатчылык болуп, Нарынга көчүп келдик. Шаардык мэрия карып калган дарактарды кырктырып койсо болот эле да. Ал кезде улуу кызым беш жашта болсо, азыр турмушка чыгайын деп калды», — деп эскерди каргашалуу күндү Мамбеталиева.

Анын айтымында, кырсыктаганга чейин борбор калаада ар кандай иштерде иштеген. Учурда анын максаты — үйдө бош отурбай иштеп акча табуу. Ал кээде үйүнөн кол машина менен курак курап, жер төшөк жасайт жана өнөрүн өркүндөтүп буйрутма алып иштегиси келет. Бирок коомчулукка чыгуудан тартынып, иш табууга жардам сурап эч жакка да барган эмес.

Нарын облусунда Мамбеталиева сыяктуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, кесипке ээ боло албай, ишсиз отургандар миңдеп саналат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Нарын облусунда 12 миңден майыптыгы бар кишиге жөлөк пул берилген. Алардын 2163үн 18 жашка чейинки балдар түзөт. Бирок чындыгында каттоого алынбаган майыптар да бар болгондуктан алардын жалпы саны алда канча көп болушу мүмкүн.

Асел Мамбеталиева жасаган жер төшөк менен жаздык. Сүрөт: Дилде Шатанова

«Жумуш менен камсыз кылуучу атайын ишкана жок»

Нарын облусунун социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Ажар Дюшеналиева майыптыгы бар жарандарды иш менен камсыз кылуу оор экенин айтат. Ал көйгөйдү чечүү үчүн долбоор жазууну, чет тилдерин жана программалоону үйрөтүп жатышканын белгилейт.

«Нарында майыптыгы бар жарандарды жумуш менен камсыз кылуучу атайын ишкана жок. Болгону биз ар кайсы уюмдарга долбоор жазганга жардам берип, иш менен камсыз болушуна көмөктөшөбүз. Азыркы учурда акыркы эки жылда канча майыптыгы бар жарандар жумуш менен камсыз болгон тактоо жүрүп жатат. Иштейм деп бизге кайрылгандарга биз алдын ала курстардан окутуп иш таап бергенге көмөктөшөбүз. Майыптар үчүн долбоор жазуу курстары, программист жана тигүү курстарын окутабыз», — деди Дюшеналиева.

Анткен менен социалдык мекеменин кылган иши майыптардын бардыгына эле жеткиликтүү эмес. Ошондой эле Дюшеналиева так канча киши иш менен камсыз болгонун айта алган жок.

«Негизи ар бир жылда алты айда же үч айда жыйынтык чыгарып турабыз. Биз азыр үч айдын жыйынтыгын чыгарып жатабыз. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ден соолугуна жараша “Эмгек базары” боюнча жумуш менен камсыз кылууга майыптарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Акыркы үч айдын жыйынтыгы менен алсак Нарын облусу боюнча 18 мекемеге 25 жумушчу кабыл алуу боюнча кворта бөлүнгөн. Бош орундар пайда болуу шартына жараша жумушка киргизүү иштери болуп жатат», — деди ал.

Мындан сырткары, ал жумушсуздарды ишке орнотуу үчүн тигүүчүлүк, кол өнөрчүлүк цехтери, турмуш-тиричиликти тейлөө багытындагы курстардан акыркы үч айда 11 адам окуганын кошумчалады.

Өткөн жылы Эл аралык республикалык институт жүргүзгөн сурамжылоодо кыргызстандыктар эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. Улуттук статистика комитетинин да коронавирус пандемиясынын айынан жок дегенде ар бир үй-бүлөдө бирден киши жумушсуз калганын маалымдашкан. Пандемия бүтө электигин эске алганда иш таап кетүү оңойго турбайт.

Өзү да кесипке ээ болуп, башкаларга жардам берген Улукбек

Улукбек Букарадинов. Сүрөт: Дилде Шатанова

Бирок экинчи топтогу майып Улукбек Букарадинов достору менен бирген карантин маалында жөн жатпай мэрия уюштурган «Ден солуктун алдын алуу жолдору» аталыштагы сынакка катышып, туздан жасалган чырак жана караңгыда күйүүчү билездик ойлоп табышкан.

«Ал чырактын ичин туздан жасап, сыртын кооздодук. Үйдүн ичинде адам дем алганда чырак туз бөлүп чыгарат. Бул адамдын өпкөсүнө жакшы пайда жана үйдүн ичине койгондо дагы кооз болуп көрүнөт. Мындан сырткары адамдар үчүн колго, кийимге таккан “лента” ойлоп таптык. Ал караңгыда жолдо кетип бара жаткан адамды айдоочу көрбөй калышы мүмкүн, лентаны тагып алса ал жарык болуп адам экени көрүнүп турат да. Муну адамга эле эмес, малга дагы колдонсо болот. Бул жол кырсыгын алдын алат», — деди Букарадинов.

Ал 20 жыл мурун жол кырсыгына кабылганда 3-4 ай баспай төшөктө жатып калганда стресс болгон. Бирок өзүн колго алып компьютерди жакшы өздөштүрүп депрессияны жеңген. Учурда майыптыгы барлар үчүн «Мүмкүнчүлүк» деген аталыштагы уюм түзүп, аларга иш табууга жардам берип келет.

«Үйдө жатып компьютерди жакшы өздөштүрдүм. Анан мен майып болуп калган башка адамдарга дагы жардам берейин деп ойлондум, “Мүмкүнчүлүк” деген уюм түздүм. Азыр бул уюм компьютерди өздөштүрүп, оңдоону үйрөнүүгө окутат. Компьтерди жакшы өздөштүрүп кеткендер иш таап кетишет. Ушул тапта менин кеңсемде төрт бала иштеп жатат», — дейт ал.

Букарадиновдун айтымында, алар компьютер оңдогондон сырткары ар кандай электрондук буюмдарды дагы ойлоп табышат. Ошондой эле, ал башка майыптыгы бар кишилер үчүн алардын эшиги дайыма ачык экенин кошумчалады.

«Мыйзамдар иштесе жумушсуздук көйгөйү жоюлат»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев дээрлик 10 жылдан бери майыптардын укуктарына байланыштуу маселелерди парламентте көтөрүп келет. Ал«Клоопко» курган маегинде өлкөдө майыптыгы бар жарандарга багытталган «мыйзамдар иштесе жумушсуздук көйгөйү жоюлат» дейт.

«Мен буга чейин бир нече жолу Жогорку Кеңеште майыптардын жумушсуздук көйгөйүн чечүү үчүн мыйзам иштеп чыгып сунуштагам. Бул мыйзам долбоору жалпак тил менен айтканда бир ишканада болжолдуу 20 киши иштесе, 5%ы квота менен жумушчу орун майыптыгы бар жарандарга берилиши керек. Эгерде жеке ишканалар 5% квота бөлбөсө анда 1000 сомдон өйдө мамлекетке акча төлөш керек. Мен мыйзамды сунуштап чыкканда мамлекетке жылына канча акча түшөөрүнөн бери эсептеп чыкккам. Тилекке каршы бул парламентте колдоо тапкан жок. Себеби депутаттардын баарынын эле бизнестери бар алар майыптарды жумушка алгысы келбейт да», — дейт ал.

Анын пикири боюнча, эгер мындай мыйзам иштесе 16 миңдей адам жумушка орношот же бюджетке жылына 188 миллион сомдон ашуун акча түшөт. Бул каражатты, мисалы, майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын түзүүгө жана аларды адаптациялоого, пандустарды жасоого кетирүүгө болот. Эгер жумуш берүүчүлөр же квоталарды жасабаса, же сунуш кылынгандай салыктарды төлөбөсө, анда административдик жоопкерчиликке тартылууга тийиш деп эсептейт парламентарий.

«Биз барбыз, биздин колубуздан баары келет»

Медер Усупбеков. Сүрөт: Дилде Шатанова

Бирок тубаса шал оорусу менен төрөлгөн 35 жаштагы Медер Усупбеков өзүнүн укуктарын өзү коргоп келет. Ал орто мектепти бүткөн соң үй-бүлөлүк шартына байланыштуу андан ары билимин жогорулата алган эмес. Бирок ага карабастан быйыл Нарын мамлекеттик университетинин программалоо багытында окууга 100% жеңилдик менен окууга өтүп, студент болуу алдында турат.

«Компьютер менен иштегенди жакшы билем. Буга чейин ар кандай уюмдарга өзүм жалгыз долбоор жазып жүрдүм. Эң алгачкы жолу Борбор Азия университетине “коляскачан адамдар үчүн пандус куруу” боюнча долбоор жазып утуп алгам. Ошол долбоордун аркасы менен Нарын шаарында пандустар курулду. Пандустарды жалаң мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери курушту, мен аларга долбоордун алкагында акчасын төлөп бердим», — деди ал.

Медер коомчулуктагы майыптарга байланыштуу стереотиптерди бузуу үчүн келечекте кино тартууну кыялданат. Ал үчүн видеону да өздөштүрүп баштаган.

«Азыркы учурда деле окуп жатам. Бекер онлайн курстар абдан көп. Мен азыр видео тартууну өздөштүрүп жатам. Буюрса, жакында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тууралуу кыска метраждуу кино тартайын деген ойлорум бар. Мындай теманы тандаганымдын себеби — көп адамдар булар эч нерсе кыла албайт деген ойдо четке чыгарып коюшат. Аларга “биз барбыз, биздин колубуздан баары келет” деген сыяктуу кино тартайын деп жатам», — деп сөзүн жыйынтыктады Усупбеков.

2019-жылдын 14-мартында экс-президент Сооронбай Жээнбеков майыптардын укуктары боюнча Бириккен улуттар уюмунун конвенциясынын ратификациясына кол койгон. Кыргызстан өлкөдө жашаган 200 миңге жакын майыптардын укуктарын сактоого жана коргоого милдеттенме алган. Анткен менен азырынча бул жаатта алгылыктуу иштер аткарыла элек.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.