Жапаров менен Рахмон жабык эшик артында алты саат эмнени талкуулашты?

29-июнда Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жабык эшик артындагы сүйлөшүүсү болду. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон алты сааттан ашык бетме-бет олтуруп баарлашты.

Андан кийин президенттер пресса үчүн билдирүү жасашты. Президенттер эмне тууралуу макулдашууларга жетишкенин айтып беребиз.

Чек ара маселесин чечүү

Рахмондун айтымында, ал Жапаров менен «жакын арада Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү макулдашылган келишимге кол коюу маселесин» талкуулаган.

«Документтин долбооруна ылайык, мамлекеттик чек аранын 520 километрге чейинки чийини такталды. Бүгүнкү күндө дагы 32 километр жумушчу тартипте макулдашылды. Белгилеп кетүүчү жагдай, чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү биз 2002-жылы эле баштаганбыз. Дээрлик 20 жыл аралыгында Биргелешкен комиссиянын жана чек ара тилкесин делимитациялоо боюнча жумушчу топтордун 180ге жакын жыйыны, жолугушуулары өткөн», — деп белгиледи тажик президенти.

Ал азыркы убакта мындан кийинки «мамлекеттик чек араны тактоодогу татаал маселесин чечүү үчүн» бул жыйынтыктардын «мыйзамдуулугун бекемдөө» маанилүү болуп турганын кошумчалады. Ошол эле мезгилде, эки тарап тең жакында чек арада болуп өткөн куралдуу жаңжалдын* кесепеттерин жоюушу керек.

«Биз президент мырза [Жапаров] менен апрель айынын аягында чек арада болгон каргашалуу окуяга кеңири токтолдук. Тилекке каршы, эки тараптан тең адамдар каза тапты, жабыркады, калкка материалдык жана моралдык зыян тийгизилди, эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкка доо кетти. Ошондуктан биз биринчи кезекте, чек арага жакын райондордогу тургундардын ортосунда ишенимди кантип калыбына келтирүү керектигин ойлонушубуз керек», — деп ишендирди Рахмон жолугушуу аяктагандан кийин.

*Жапаров Тажикстанга 2021-жылдын апрелинде эки өлкөнүн чек арага жакын аймактарында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстанга алгачкы жолу расмий сапар менен барды. Анда куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза тапкан, дагы 154 адам ар кандай деңгээлде жарадар болгон. Мындан тышкары, чек арага жакын аймактардан 40 миңден ашуун жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн болчу. Коңшу мамлекеттин бийлигинин маалыматы боюнча, куралдуу жаңжал учурунда 19 адам каза таап, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Жапаров өз кезегинде Кыргызстан Тажикстан менен мамилени ар дайым баалап келгенин, азыр дагы «бийик тутаарын», эки өлкөнүн пайдалуу кызматташтыгын «ар тараптуу өнүктүрүү», «боордоштук мамиле жана өнөктөштүк» «тышкы саясаттын негизги багыттарынын бири» экенин белгиледи.

«Бул айтылгандар бүгүнкү күндө дагы актуалдуу. Анын үстүнө, тараптар каалабаган жаңжалды баштан кечиришти, ал эки тарапка тең кайгы, зыян алып келди. Бул кырдаалды эки элдин бакубатчылыгы үчүн чечүүгө акылыбыз жетет деп ишенем», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти «кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселелерди тезинен макулдашып чечүү жана тийиштүү келишимге кол коюу кызматташуунун жаңы багыттарын ачып, эки тараптуу кызматташуунун бүткүл комлексин активдештирүүгө өбөлгө болот» деп дагы билдирди.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Жапаров чек ара аймагы тууралуу кеп кылуу менен биргелешип иш алып баруунун бир катар багыттарын дагы белгилеген:

  • эки өлкөнүн, өзгөчө, чек ара райондорунун элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн;
  • чек ара райондорундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн
  • улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюунун маанилүүлүгүн;
  • бир туугандык мамилелер жөнүндө макулдашууларды, ошондой эле Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы кызматташтык планын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу.

Жапаровдун айтымында, кыргыз тарап Тынчтык сактоо комиссиясын түзүү демилгеси менен чыкты. Комиссия чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо максатында эки тараптын чек ара айылдарында жашаган аксакалдарынан турат.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгиледик», — деп жыйынтыктады Жапаров.

Суу жана суу ресурстары

Тажик лидеринин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал кыргыз кесиптеши менен регионду суу менен камсыздоо маселесин талкуулаган.

«Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн алкагында чек ара аймактарына жакын трансчекаралык дайралардын суу ресурстарын колдонуу маселесине көңүл бурдук. Суу ресурстарын колдонууга байланыштуу эки тараптуу маселелерди караган Ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунунун ишин жандантууну сунуштадык», — деп келтирет Эмомали Рахмондун айткандарын ведомство.

Тажик президентинин айтымында, Жапаров экөө өз өлкөлөрүнүн эл аралык демилгелерин өз ара колдоо тажрыйбасын улантууну макулдашып жана «климаттын өзгөрүшү боюнча пикир алмашып, анын ичинде Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатышын талкуулашкан».

Президенттер эмне макулдашууларга кол коюшту?

Жапаров менен Рахмон эки тараптуу мамилерге тиешелүү 25 пунктан турган биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Алар этникалык тажиктер менен кыргызстардын коңшу аймактардагы жашоосуна, аткезчиликке каршы күрөшүүгө, региондор аралык байланышты жолго салуу жана коңшу Ооганстандагы абалга тынчсызданууга тиешелүү.

Андан тышкары, мамлекеттер аралык бир нече документтерге кол коюлду. Президенттер кол койгон документтер боюнча басма сөз кызматтарынын маалыматтары бири-бирине дал келет. Бул:

  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум. 

Андан тышкары, «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Аягында Садыр Жапаров Эмомали Рахмонду Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.«Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды. Иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат», — деп белгилейт Жапаровдун басма сөз кызматы.