Коомдук саламаттык сактоо боюнча адис, «Сорос — Кыргызстан» фондунун коомдук саламаттык сактоо программасынын директору Айбек Мукамбетов 24.kg басылмасына Кыргызстанда коронавирус пандемиясынын өнүгүшүнө карата комментарий берди. Ал эмне жөнүндө айтып берди?
Пессимисттик сценарий
«Биз үч сценарийди алып чыктык: оптимисттик, реалисттик жана пессимисттик. Эми кайра эле пессимисттик сценарий менен кеттик», — дейт ал.
Мукамбетовдун тобу эпидемиянын өнүгүшүнүн сценарийин божомолдоо боюнча Оксфорд менен кызматташат.
«Ар эки аптада аналитикалык байкоолорубузду саламаттык сактоо министрлигине берип турабыз. Акыркы аналитикабызды кеңири коомго алып чыкпай коё албадык, себеби абал кескин начарлап кетти», — деп билдирди Мукамбетов.
Бийликке сунуштамалар
Анын айтымында, бийлик сунуштамаларды эске алып, абалдын оорлоп кетишине камданып жатат.
«Мисалы, биз төрөт үйлөрүнүн биринде COVID-19га чалдыккан же шектелген кош бойлуулар же төрөй тургандар үчүн тез арада кызыл зона түзүүнү сунуштаганбыз.
Коронавирус менен ооруп калган бейтаптарды гемодиализ менен камсыздоо маселеси дагы иштелип жатат. Күндүзгү стационарлар боюнча абдан олуттуу талкуулар болду. Алардын ачылышына караманча каршы турдук, азыркы учурда былтыркыдай күндүзгү стационарлар Ош шаарынан башка эч жерде жок», — деди адис.
Мукамбетов күндүзгү стационарларды ачууга каршы, ал өткөн жылдагыдай «коллапс болбойт» деп эсептейт. Ал күндүзгү стационарларга альтернатива сунуш кылып жатат.
«Алардын ордуна иргөөчү пункттарды ачууну сунуштап жатабыз. Оорунун жеңил түрүнө кабылгандар амбулатордук режимде дарыланууга жөнөтүлөт, оор абалдагылар — атайын адистештирилген стационарларга жаткырылат.
(…)Ошондой эле, жакшы реанимациясы бар ковид стационарын уюштурууну сунуштадык. Биздин билишибизче, бул дагы ишке ашты — Улуттук хирургия борборунда, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунда да дагы бир ушундай пункт ачып көрүү керек», — деп эсептейт Мукамбетов.
Илдет жуктуруу өсүп жатканына эмне себеп?
Мукамбетовдун пикиринде, Кыргызстанда коронавирус менен ооруп жаткандардын саны кескин өскөнүнө үч себеп болушу мүмкүн.
«Үч негизги себеп бар. Биринчиден, эмдөө жайылтылбай жатканы, экинчиси, адамдар коопсуздук чараларын (беткап кийүү, аралыкты сактоо) карманбай жатышы. Бирок өнүккөн өлкөлөрдө дагы адамдарды беткап тагынууга көндүрүү оорчулук жаратат. Үчүнчү себеп — дельта штамм. Ал салыштырмалуу тез жугат, ооруканага жатып калуу коркунучу эки эсе жогору, оору оор формада өтөт жана башка», — деди ал.
Мукамбетов дельта штамм дүйнө жүзүндө, ал тургай эмдөө ийгиликтүү өткөн өлкөлөрдө дагы жайылып жатканын айтып берди.
Ага карабай, вакцина алуу абдан маанилүү деп эсептейт.
«Азыр өтө маанилүү учур — тез арада вакцина сатып алып, эмдөөнүн туура стратегиясын алдыга жылдыруу керек. Болбосо биз төртүнчү толкунду дагы — ноябрь айында жана 2022-жылдын жазында — башыбыздан өткөрүшүбүз мүмкүн.
(…) эмдөө боюнча тездик менен кеңири масштабдуу кампания жүргүзүү керек, айтсак, июлдан тартып декабрга чейин. Эң башкысы — бул реалдуу. 50 жаштан өйдө курактагы коркунуч тобундагыларды жана жалпы эле калктын чоң бөлүгүн камтуу керек», — деди ал.
Анын айтымында, коронавируска байланышкан эпопея жамааттык иммунитет иштелип чыкканда аякташы мүмкүн — калктын 70%ы.