Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болду. Ал өлкөнүн идеологиясына жооп берет

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп Чолпонбек Абыкеев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка 2-июлда президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттин аппаратынан Абыкеев эми Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясы үчүн жооп берерин билдиришти.

Ал фейсбук баракчасында бул кызматка «президенттин ишеними» менен келгенин билдирип, Жапаровдун баштаган ишинин келечегине «ишенгиле» деп айтты.

«Түшүнөм, кызматтын жоопкерчилиги чоң. Мезгил да жеңил эмес. Бардык тарабынан кысымга учурап турган кезибиз. Бирок кыйынчылыктар убактылуу. Келечегибиздин кең жана жаркын экенин бекем ишеним менен айта алам. Мамлекетибиз бүгүнкү кризистерди жеңип, гүлдөп-өнүгө баштаганына күбө болчу күндөр алыс эмес. Бүгүнкү бардык тармактар боюнча башталган терең реформалардын жакшы жыйынтыгын чогуу көрөбүз», — деп жазды ал.

65 жаштагы Чолпонбек Абыкеев буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

*Өлкөдө 5-майда депутаттардын жана Садыр Жапаровдун демилгеси менен жаңы Баш мыйзам кабыл алынган. Конституциянын долбоорун Конституциялык кеңешмеде караган. Кеңешменин көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер болгон. Кеңешменин курамында бир дагы оппонент болгон эмес.

Легендарлуу парламенттин экс-спикери Абдыганы Эркебаев кеңешменин курамын адискөй эмес деп атаган, себеби ал жакта конституциялык укук боюнча юрист-адистер кыйла аз деп түшүндүргөн. Экс-депутат Феликс Кулов дагы Конституциялык кеңешме «макул» позициясына өтүп алганын билдирген.

Мамкатчы болуп дайындалган Абыкеев өлкөдө жазуучу, журналист катары да таанымал. Октябрдагы окуялардан кийин ал министрлер кабинетинин кеңешчиси болгон.

Абыкеев ар кандай мамлекеттик кызматтарга иштеген. Ал эми качкын президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген.

Мындан сырткары «Бриллант жылан», «Качкын», «Кара илбирс» сыяктуу чыгармалары менен элге таанылып, «Аалам» гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору болгон.

Мамлекеттик катчы деген ким?

Кыргызстанда 2009-жылга чейин мамлекеттик катчы кызматы болгон. Анда катчы мамлекеттик идеологиядан сырткары тышкы экономика боюнча маселелерди, аткаруу бийлигинин ишин координациялоону жана мамлекеттик кызматтын системасын жакшыртууну да караган.

Аталган кызмат Садыр Жапаров демилгелеген жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин кайра пайда болду.