Оң рулдуу унаалардын кузовун алмаштырууга тыюу салуу сунушталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун коомдук талкууга койду.

Аталган министрликтен белгилешкендей, буга чейин тыюу оң рулдуу унаалардын номердик түйүндөрүн жана агреттарын ташып кирүүгө жайылтылган эмес. Бул категорияларга кузов жана унаанын кыймылдаткычы кирет.

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды ташып кирүүгө 2015-жылы тыюу салынган, бирок долбоордун авторлорунун пикиринде, аларды тетик жана кошумча жабдуулары катары киргизүү уланып келген. Аткаруудагы токтомго өзгөртүү киргизүү бул жылчыкты жабууга шарт түзөт.

«Мыйзамдардагы ушул кенемтеден улам ушул мезгилге чейин рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан автотранспорт каражаттары запастык бөлүктөр жана комплектөөчү катары тоскоолдуксуз алып келинүүдө», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Документте белгиленгендей, азыркы убакты автоунаа ээлери машинесин жаңыртуу үчүн мыйзамдын ушул боштугун пайдаланып жатышат. Анткени кузовду алмаштырууга тыюу салынган эмес.

«Ага ылайык каттоо учурунда мурдагы автотранспорт каражатынын каттоо документтерине жаңы автотранспорт каражатынын маалыматтары киргизилип, андан ары колдонулат», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Ошол эле учурда, коммуналдык жана айыл чарбасына колдонулуучу автоунааларга, андан тышкары жол курууга пайдалануучу транспортко бул тыюуу колдонулбайт. Андан тышкары министрлер кабинети аныктаган транспорт түрлөрүнө дагы тыюу жайылтылбайт.