Орусия. Калининградда мигранттарга айдоочу, мугалим жана наабайчы болуп иштөөгө тыюу салынды

Калининград облусунун губернатору Антон Алиханов чет элдиктерге таксист, автобустардын айдоочусу, наабайчы, кондитер жана тарбиячы болуп иштөөгө тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Север.Реалии басылмасы билдирди.

Бийлик мындай чараны бул тармактарда адамдар салыштырмалуу көп байланышта болгондуктан, коронавирустун жаңы, абдан тез жуккан штаммынын таралышына өбөлгө түзүшү мүмкүндүгү менен түшүндүрүштү. Бирок бийлик эмне үчүн тек гана чет элдик жарандар COVID-19 дартын алып жүрүүгө жөндөмдүү деп эсептээрин түшүндүргөн жок.

Аны менен катар, Калининград облусунда мигранттарга убактылуу турак жай берүүгө жана башка жарандарды ишке орноштурууга тыюу салынды. Буйрук үч айдан кийин күчүнө кирет жана бир жылга созулат.

Орусияда коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан аймактык бийлик органдары өз алдынча чектөө киргизе баштады. «Азаттык» радиосунун маалыматына караганда, болжол менен 20 аймакта бир катар категориядагы жумушчуларга милдеттүү эмдөө талабы киргизилди.

Москвада ресторан жана кафелерге эмделгендер, ооруп айыккандар же тапшырган тестинин жыйынтыгы терс болгон адамдар гана кире алат. Краснодар аймагында мейманканага кирүү үчүн эмделгени тууралуу күбөлүк же аймакка келгенден кийин үч күндүн аралыгында эмдөөдөн өтүү керек.

Калинград облусунда 1-июлдан тартып вакцина албаган туристтерге экскурсияларга чыгууга болбойт. Бийлик жумуш берүүчүлөргө эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерди командировкага жөнөтүүгө тыюу салды, ал эми балдар — соода борборлору менен кинотеатрларга ата-энесинин коштоосунда гана барышы керек.