Материалдын тп нускасы Cabar.asia аналитикалык басылмасында жарык көргөн.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статистикасына ылайык, Кыргызстанда алты спортчу эркекке бир спортчу аял туура келет. Спортчу айымдар ѳздѳрү айтып бергендей, спортто кыздар кѳп учурда кодулоого дуушар болот жана мүмкүнчүлүктѳрү эркектердикине караганда азыраак. Муну эл аралык изилдѳѳлѳрдүн жыйынтыктары да ырастап турат.

Алгач, келгиле, аялдар спортунун тарыхын жана айымдар үчүн чоӊ спортко жол салган спортчулар жѳнүндѳ канчалык деӊгээлде билгениӊизди текшерип кѳрѳлү.

Спорттогу гендердик стереотиптер — спортчу айымдар туш болгон негизги кѳйгѳлѳрдүн бири. Аялдардын спорту эркектердикине караганда анча популярдууу эмес. Анткени, аялдардын спортуна финансы каражаттары азыраак бѳлүнѳт жана ММКлар да азыраак кѳӊүл бурушат. Кыз менен уулдун ортосунда тандап жатып, ата-энелердин кѳпчүлүк бѳлүгү спорт секциясына уулун берет.

Кыздарга гендердик стереотиптер кандайча таасир эткенин жана алар кандай дискриминацияга туш болгонун эксперттер жана спортчу айымдар менен чогуу талкуулап чыгабыз.

Гендердик стереотип деген эмне?

БУУ гендердик стереотипке тѳмѳнкүдѳй аныктама берет:

«аялдар жана эркектер ээ болгон же ээ болушу керек болгон касиеттер менен ѳзгѳчѳлүктѳр, ошондой эле алар аткарган же аткаруусу керек болгон ролдор тууралуу кеӊири жайылган пикир же бейкалыс пикир».

Маселен, кыздар жѳнѳкѳй жана назик болууга, ал эми эркек балдар – күчтүү болууга жана ыйлабоого тийиш деген стереотип бар. Изилдѳѳлѳр муну ырастабаса деле, аялдар эркектерге караганда кыйла эмоционалдуу деген пикир да бар.

Социолог Рейна Артурова гендердик стереотиптер, ѳзгѳчѳ алар аялдардын белгилүү бир инсандык сапаттарын же кесиптик кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүнү чектеген учурда кѳп зыян алып келе турганын белгилейт. Анын айтымында, бул стереотиптер эркиндикти жана жашоо-турмуш, пландар, кызыкчылыктар жаатында чечимдерди кабыл алууну чектейт.

Алар кайдан келип чыгат?

Башка коомдук ченемдер сыяктуу эле эркектер менен аялдар жѳнүндѳ стереотиптер чоӊойгон сайын пайда боло баштайт. Алардын булактары катары, ата-эне, тарбиячылар, мугалимдерди эсептѳѳгѳ болот.

Салттуу системада балдарды алардын биологиялык жынысына жараша тарбиялашат. Бул сырткы кѳрүнүштѳргѳ эле эмес, кыздардын кыздай назик, балдардын — булчуӊдуу болушу керек экендиги тууралуу ички жоболорго да байланыштуу. Жалпысынан эле, коомдун ичинде «эркектин» жана «аялдын» деген бѳлүп-жаруу бар.

Жудит Батлер ѳзүнүн «Gender Trouble» аттуу китебинде бала тѳрѳлгѳндѳ эркек же аял деп жынысынын жазылышы адамдын тагдырын белгилебей турганын айтат: анын ордуна муну социум аткарат. Гендердик стереотиптер китептерде, мультфильмдерде жана телевидениеде чагылдырылат. Ал тургай оюнчуктар да кыздардын жана балдардын оюнчугу болуп бѳлүнѳт эмеспи.

Бирок кыздар менен балдар андай деле бири-биринен айырмаланышпайт. Эркектер үй жумуштарын деле мыкты аткара алса, аялдар - бизнести башкарууда же куралдан ок атууда ийгиликтүү боло алышат. Жана бул жерде жыныстык ѳзгѳчѳлүктѳр эч кандай мааниге ээ эмес.

Рейна Артурованын айтымында, кѳп учурда кыздар гендердик стереотиптин курмандыгы болуп калышат. Бирок маданий кѳз карашта стереотиптер адамга социалдашууга жана коомдун ичинде жашоого жардам бериши керек.

«Акыркы мезгилдерде [гендердик] стереотиптер кѳп учурда заманбап аял менен заманбап кыздын кызыкчылыктарына каршы келип калууда», — дейт социолог.

Спортто да гендердик стереотиптер барбы?

Тилекке каршы, бар. Алар үй-бүлѳнүн ичинде кыз баланы спортко эмес, бийге берүү жѳнүндѳ чечим кабыл алынганда байкалат. Кыргызстандын курама командасынын футболчусу Айжан Боронбекова мектепте футбол ойноп жүргѳндѳ мугалим эжейлеринин бири: «Кыз бала да футбол ойночу беле? Мындан ары да ойной турган болсоӊ, сени эч ким аял кылып албайт!» деп айткан сѳзүн мисал келтирет.

Социолог Рейна Артурова ата-эненин басымдуу бѳлүгү спорт тармагында кызына караганда уулуна артыкчылык бергенин белгилейт. Ал мисал катары, уулун футболго алып барган мезгилдерде бир киши үч баласы – эки кыз жана бир уулу менен келип жүргѳнүн айтат.

«Ал кишинин бир кызы кѳшѳрүп: "Ата, мен да аны менен кошо чуркап, футбол ойногум келет" дей берчү. Атасы болсо: "Жок, кийин сен гимнастикага же сүрѳткѳ барасыӊ, азыр болсо тынч отуруп, уулум машыгып бүткүчѳ бир саат күтѳбүз" деп айтчу. Артыкчылык кимге берилип жатканы белгилүү да?» — дейт Артурова.

Чоӊдордун спортунда да кодулоо байкалат. Мисалы, аялдарга алгачкы жолу 1900-жылы Парижде ѳткѳн Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берилген. 997 катышуучунун ичинен 22си гана аялдар болгон.

Аял киши алгачкы жолу 1967-жылы марафондо чуркаган. Ал Бостон марафонунун катышуучусу Катрин Швитцер болгон. Уюштуруучулар менен башка эркек катышуучулар аны иш-чарадан чыгарып салууга аракет кылышкан, бирок чуркоочу айым багынып бербей, финишке чейин жеткен.

Сауд Аравиясында 2013-жылы гана жеке менчик мектептердин окуучу кыздарына спорт менен машыгууга, ал эми аялдарга - велосипед тебүүгѳ (бирок парктарда жана эс алуу зоналарында гана) уруксат берилген. Ал эми 2018-жылы аялдарды футбол матчы ѳтүп жаткан стадионго биринчи жолу киргизишкен.

«Аялдар, гендердик теӊдик жана спорт» деп аталган БУУнун жарыялоосунда «кеӊири тараган социалдык тоскоолдук катары спорт жѳнүндѳ стереотиптик түшүнүктѳр эсептелет» деп айтылат. «Назиктик» жана «уят-сыйыттуулук» күтүлгѳн аялдардын жүрүм-туруму боюнча жалпы тарабынан кабыл алынган ченемдер алардын «эркектик ѳзгѳчѳлүктѳр» кѳрсѳтүлгѳн регби жана бокс сыяктуу спорттук иш-чараларга катышуусуна жол бербейт. Аялдар спорттун бул түрлѳрү менен (күч-кубаттык) алектенген учурда, аларга «эркекке окшогондук» жана «аял сапатынын жоктугу» сыяктуу негативдүү мүнѳздѳмѳ беришет.

Бирок спорттун аялдарга арналган түрлѳрү деле бар да. Маселе эмнеде?

Тилекке каршы, аялдар үчүн спорттун түрлѳрүнүн болушу гендердик дискриминация кѳйгѳйүн чечпейт. Алар ММКлардын кѳӊүлүн азыраак бурушат, кѳрүүчүлѳрү аз жана жетиштүү деӊгээлде каржыланбайт.

«Аялдар, гендердик теӊдик жана спорт» аттуу БУУнун жарыялоосуна ылайык, «аялдардын спортунун мааниси кѳп учурда тѳмѳнүрѳѳк болуп, адекваттуу эмес булактарга жана эмгек акысы менен сыйлыктардын эркектердики менен бирдей берилбешине жол ачат». ММКларда аялдардын спорту маргиналдашып гана тим болбостон, кѳп учурда гендердик стереотиптерди чагылдырган жана бекемдеген башка бир стилде кѳрсѳтүлѳт».

Ѳзүнѳн ѳзү спортту эркектердин жана аялдардын спорту деп бѳлүү ─ нормалдуу. Мындайча физиологиялык ѳзгѳчѳлүктѳр эсепке алынат. Бирок мындан башка аялдардын эркектер менен теӊ жарышкан жана ошол жерден кодулоого кабылган спорт түрлѳрү деле бар эмеспи.

Жиу-житс боюнча дүйнѳлүк чемпионаттын күмүш призёру Малика Боотаева жаӊыдан машыга баштаган мезгилдерде эркектер тарабынан кѳп сындар айтылганын белгилейт.

«Залда мени менен принциптүүлүк менен эркектердин эч кимиси учурашпаган учурлар да болгон, анткени ал жерде тартип ошондой болчу», — дейт ал.

Балким, кыздар ѳздѳрү эле спорт менен машыгууну каалашпайт?

2015-жылы Британиянын NHS Digital агенттиги мектеп курагындагы кыздар менен балдардын физикалык активдүүлүгү боюнча изилдѳѳ жүргүзгѳн. Натыйжада кыздардын 8 жаштан кийин спортко мурункуга караганда азыраак убакыт бѳлүп, ал эми 13-15 жашка келгенде кыздардын 8% гана күнүнѳ жок дегенде бир саат физикалык активдүүлүк менен алектене турганы белгилүү болгон.

Рейна Артурованын айтуусу боюнча, кыздардын спортко кызыгуусу азыраак же алардын кыйла алсыз болгондугу үчүн эмес, гендердик стереотиптерден улам алдыга умтулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү аз экендигинен улам мындай болот. Мисалы, ата-энелер кыздарга «күч пайдалануучу» спортко баруусуна уруксат бербей, «кыздар үчүн» деген ой менен гимнастикага беришет.

«Эн биринчи матчтан баштап эле укмуштуудай жагымсыз сѳздѳрдү угууга туура келди: мени талпак деп да аташты, бул жер мен үчүн эмес экенин айтышты. «Хоккей – эркектердин спорту, сен болсо ашканаӊа бар!» сыяктуу сѳздѳрдү уктум. Ал учурда тогуз жашта элем. Хоккейге барууну кыялданчумун, бирок клубдан мага дароо эле «эркек балдар менен кыздар муз үстүнѳ бир учурда чыга алышпайт деп айтышты», — деп эскерет Шарлот Жирар-Фабр, мурунку хоккейчи жана эл аралык класстагы судья (Euronews’тан алынган цитата).

Кыргыз спортчусу Малика Боотаева 20-кылымга чейин аялдарга спорт менен алектенүүгѳ таптакыр тыюу салынып келгенин айтат. Спорт аял кишинин репродуктивдик жѳндѳмдүүлүгүнѳ таасирин тийгизет деп эсептешкен. Мындан тышкары, эркектердин спорту бир гана эркектерге, аялдардыкы – аялдарга гана таандык деген стереотип бар. Эркектерге арналган спорт түрлѳрү аялдарды эркек сымал кылып, аялдардын спорту эркектерди назик кылып салат деген түшүнүк бар.

CABAR.asia тарабынан жѳнѳтүлгѳн сурамга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин берген жообунда республикалык жарыштарга аялдарга караганда эркектердин кѳбүрѳѳк катышканы айтылат. Ушундай эле абал спорт секцияларындагы машыгууларда да байкалат.

«Бул кыздардын кѳпчүлүгү мектепти бүткѳн соӊ турмушка чыгып кетип, спортко убактылары жетпей калгандыгы менен байланыштуу. Дагы бир себеп катары, спорттун кѳпчүлүк түрлѳрү жалгыз гана эркектерге арналганын, ошондой эле спорттук объектилердин басымдуу бѳлүгү жеке менчик формада болгондуктан, спорт менен машыгууга баарында эле мүмкүндүк боло бербегенин белгилѳѳгѳ болот», — деп билдирет ведомство.

Рейна Артурованын айтуусу боюнча, кыздардын натыйжага жетүүсүнѳ алардын спорт жаатында ѳнүгүү мүмкүнчүлүктѳрү жана үй-бүлѳсүнүн колдоосу да таасир этет. Баары ата-энеси кызынын спорт менен алектенүүсүн колдогонуна же баары бир инвестицияны уулуна жумшоону туура кѳргѳнүнѳ жараша болот.

Мен чоӊ ийгиликтерге жетишкен аз эле спортчу айымды билем. Мүмкүн, аялдар эркектерге караганда начарыраак натыйжа кѳрсѳтѳттүр?

Чындыгында андай эмес. Ал эми Кыргызстандын статистикасын ала турган болсок, баары тескерисинче.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстанда спорттун олимпиадалык түрлѳрүндѳ бир спортчу аялга тѳрт эркек туура келет. Кыздардын кѳпчүлүк бѳлүгү сууда сүзүү, кѳркѳм гимнастика жана жеӊил атлетика менен алектенет.

Спорттун олимпиадалык эмес түрлѳрүндѳ аялдар менен эркектердин катышы — 1:8.

Эгер спорттун олимпиадалык жана олимпиадалык эмес түрлѳрүндѳгү сандарды кошсок, жалпысынан 85 467 эркек жана 13 449 аял чыгат. Башкача айтканда, бир спортчу аялга 6 эркек туура келет.

Акыркы 4 жылдын ичиндеги ээ болгон медалдардын саны боюнча абал тѳмѳнкүдѳй:

Эгер натыйжалуулукту эсептей турган болсок, анда 4 жыл аралыгында 85 467 эркектин ичинен 684 киши гана медалга жетсе, 13 449 аялдын ичинен – 194 аял ээ болгон. Башкача айтканда, жарыштардан Кыргызстанга 13 спортчу эркектин ичинен бирѳѳ жана 7 аялдын ичинен бирѳѳ медаль алып келет экен.

Кыргызстандын белгилүү спортчу айымдары ― Айсулуу Тыныбекова менен Валентина Шевченко.

Айсулуу Тыныбекова — эркин стилдеги күрѳшчү

Айсулуу Тыныбекова — эркин стилдеги күрѳшчү. Ал Олимпиада оюндарынын, Азия оюндарынын, Азия чемпионатынын, ошондой эле Дүйнѳлүк чемпионаттын катышуучусу. 2019-жылы алтын медалга ээ болуп, эркин күрѳш боюнча дүйнѳнүн чемпиону наамын жана Олимпиада лицензиясын алган. Бул Кыргызстандын тарыхындагы аталган турнир боюнча эӊ жогорку даражадагы алгачкы медаль.

2020-жылы Белградда ѳткѳн Дүйнѳ кубогунун алтын медалын жеӊип алган.

Валентина Шевченко — аралаш согуш ѳнѳрлѳрүнүн мушкери. Бул багытта 2003-жылдан бери аренага чыгып келе жатат.

Валентина Шевченко (Кыргызстанда тѳрѳлгѳн, бирок Перунун атынан чыгат) — аралаш мушташ ѳнѳрлѳрүнүн мушкери. Бул багытта 2003-жылдан бери аренага чыгып келе жатат. 24 беттешке чыгып, 21 беттештин жеӊүүчүсү болгон. UFC курун коргоп алган.

Валентина — тай боксу боюнча дүйнѳнүн 11 жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча дүйнѳнүн 3 жолку чемпиону жана ММА боюнча дүйнѳнүн 2 жолку чемпиону. Бул жетишкендиктеринен тышкары, ал тай боксу боюнча Түштүк Американын чемпиону жана панамерикалык чемпион наамын алган.

Валентина Шевченко «Дүйнѳнүн мыкты тайбоксёр айымы» наамынын ээси.

Эреже катары, эркектердин спорт түрлѳрү кыйла популярдуу болот, бул тармакка ири каражаттар жумшалып, ММКлар да кѳбүрѳѳк кѳӊүл бурушат. ЮНЕСКОнун берген статистикасы боюнча, спортто аялдар 40%ды түзгѳнү менен ММКларда аялдардын спортуна 4% гана кѳӊүл бурулат. Алар чагылдыруу чектелгендиктен улам, спортчу айымдар кѳп учурда объективдештирүүгѳ жана кемсинтүүлѳргѳ дуушар болушат.

ЮНЕСКО спортчу айымдар ММКларда биринчи эле кезекте аял, андан кийин спортчу катары чагылдырыларын белгилейт. Медиалар назарды алардын келбетине, курагына же үй-бүлѳлүк жашоосуна кѳбүрѳѳк бурат. Ал эми эркектерди күчтүү, кѳз карандысыз, үстѳмдүк кылуучу жана баалуу спортчу кылып кѳрсѳтүшѳт.

2019-жылы Францияда футбол боюнча аялдардын Дүйнѳлүк чемпионаты ѳтүп, кѳп ѳлкѳлѳрдүн алдыӊкы маалымат компанияларында кеӊири чагылдырылды. Катышкан командалардын кѳпчүлүк бѳлүгүнүн матчтары Бразилия, Франция, Италия жана Улуу Британия сыяктуу ѳз мекендеринде аудиториянын рекорддук санын чогулткан.

Publicis Sport & Entertainment отчётуна ылайык, аялдардын футбол боюнча Дүйнѳлүк чемпионаты 2019 иш-чарасын 1 миллиарддан ашык киши кѳргѳн жана бул рекорддук кѳрсѳткүч болуп саналат.

Спортто гендердик стереотиптерден кантип арылууга болот?

Биринчи кезекте, гендердик стереотиптерди түп-тамыры менен жоготуш үчүн туура маалымат берүү, мифтерди жоюу жана кыздарга спорт менен, анын ичинде профессионалдуу спорт менен машыгууга дем берүү зарыл.

2020-жылдагы Олимпиада оюндарында катышуучулардын 49%ын аялдар түзгѳн – бул тарыхтагы эӊ жогорку кѳрсѳткүч. Бул таймаштардын алдында Эл аралык олимпиадалык комитет жаӊы эрежелерди бекиткен:

  • Ар бир УОК командасынын курамында биринчи жолу жок дегенде бир эркек жана бир аял спортчу болууга тийиш.
  • Ар бир УОК желек кѳтѳрүүчүлѳрдүн катарына бир эркек жана бир аял спортчуну дайындап, ачылыш аземинде экѳѳ желекти чогуу кѳтѳрүп чыгуусун камсыздоого тийиш.

Ошондой эле аялдардын спортунун түрлѳрүнѳ медиалар тарабынан кѳбүрѳѳк кѳӊүл бѳлүнүп, аялдарды спорт чѳйрѳсүнѳ таанытуу зарыл. Мамлекет тарабынан шарт түзүлүп берилиши да абдан маанилүү — жеткиликтүү спорт борборлору жана секциялары, финансылык ресурстар, маалымат кампаниялары жана кыздардын арасында спортту жайылтуу ж.б. талап кылынат.

Азырынча Кыргызстанда спортчу айымдар гендердик кодулоого кѳӊүл бурбай коюу менен ага туруштук берип жатышат. Малика Боотаева «жаман кѳз менен карагандарга да, учурашпай койгон кишилерге да» кѳӊүл бурбоого кеӊеш берет.

Автору: Ажар Бакирова.