Хасан Хүсейн Гүнакан / Ясин (Юсуф) Инан / Тамер Авжи / Гүрбүз Севилай / Исмаил Оккалы / Селахиддин Гүлен

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлдагы кайрылуусунда кыргыз жараны, «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды Кыргызстандан уурдалып өлкөгө алынып келингенин ачыктады.

Эрдогандын айтымында, Инанды Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун «өзгөчөлүү жана сабырдуу иш-аракеттердин натыйжасында» кармалган. Ошондой эле Түркиянын башчысы мындай операциялар бир катар өлкөлөрдө да жүргүзүлүп, ФЕТОнун* 100дөн ашуун мүчөлөрү кармалганын маалымдады.

*ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок «Гүлендин кыймылы» бул айыптоолорду четке кагууда.

Режеп Эрдоган башка өлкөлөрдөн Түркияга жеткирилген кишилердин айрымдарын өздүгүн, ошондой эле алар кайсы мамлекеттерден кармалганын ачыктады.

Кения

Фетхуллах Гүлендин жээни Селахиддин Гүлен 3-майда Кенияда жасалган атайын операциянын натыйжасында кармалып, 1-июнда Түркияга жеткирилген. Ошол күнү Бишкекте Орхан Инанды дайынсыз жоголгон.

«Аль-Жазира» басылмасынын маалыматына ылайык, Гүлен Кенияга 2020-жылдын 17-октябрында келген. Анын жубайы Серийе Гүлендин айтымында, алар чет өлкөдө мугалим болуп иштеп келишкен.

Ал убакытта Гүленге Түркиянын сурамы менен Интерполдун «кызыл карточкасы» берилген. Мунун негизинде Кениянын күч органдары аны кармаган, бирок бир нече күндөн кийин Гүлен күрөө менен бошотулган.

*«Кызыл карточка» — Интерполдун эң көп берүлүүчү эл аралык билдирүүсү. Бул билдирүү бир өлкөдө издөөдө жүрүп, башка өлкөдө жүргөн жарандарга карата берилет. Кайсы бир өлкө Интерполдун «кызыл карточкасын» алганда ал мамлекеттин күч органдары издөөдө жүргөн кишини кармап, соттун чечими менен шектүүнү сурап жаткан өлкөгө экстрадициялашы керек.

Анткен менен үстүбүздөгү жылдын 6-майында Кениянын соту Селахиддин Гүлендин кармоого жана Түркияга экстрадициялоого тыюу салган. Ошондой эле сот Гүлендин паспортун кайтарып берүүнү жана ага АКШга кайтуусуна уруксат берүүнү чечкен. Бирок бул чечим кабыл алууга чейин Гүлен үч күн дайынсыз болгон.

Өзбекстан

Үстүбүздөгү жылдын февралында Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы Өзбекстандан Гүрбүз Севилай жана Тамер Авжини кармашкан.

Түркиялык ЖМКлар Севилай коргонуу тармакта иштегенин жана ал Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин мамлекеттик кызматтардан алынган ФЕТОнун мүчөлөрүн ишке алганын жазышкан.

*2016-жылдын 16-июнга караган түнү Түркиянын Анкара шаарында аскерлердин тобу «мамлекеттик төңкөрүштү» уюштурууга аракеттенген. Түрк бийлиги төңкөрүштү басып, анын кесепетинен 249 киши каза болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган. Түркиянын бийлиги төңкөрүшкө ФЕТО же «Гүлендин кыймылын» айыптоодо.

Ошондой эле Севилай көптөгөн мамлекеттерде террористик деп таанылган Курдистандын жумуштук партиясы менен байланышы бар болгону айтылып, 2019-жылы ал аталган партиянын мүчөлөрүнө курал бергени кабарланды.

«Севилай ФЕТОнун Өзбекстандагы мүчөлөрүнө финансылык жардам көрсөтүп, Кыргызстан жана Украинанын мамлекеттик мекемелерине кирип кеткен террористтик уюмдун мүчөлөрүнүн жардамы менен аталган өлкөлөрдө фирмаларды ачкан», — деп жазды «Anadolu Agency» басылмасы.

Ал эми Тамер Авжы студенттерди ФЕТОнун катарына жана уюмга таандык компанияларга тартууга айыпталууда. Ошондой эле Авжы айрым онлайн-басылмаларында «антитүркиялык макалаларды» жазганы айтылууда.

Түндүк Кипр

Ахмет Йигит

ФЕТОнун ички түзүмү боюнча жооптуу делген Ахмет Йигит жана Исмаил Оккалы Түндүк Кипрде кармалышкан.

*Түндүк Кипр 1970-жылдардан тарта Түркиянын бийлиги тарабынан көзөмөлдөнөт. Аталган мамлекеттин эгемендүүлүгүн Түркиядан башка эч ким тааныбайт.

Түркиялык ЖМКлар Йигит 28-январда Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы, күч органдары жана элчиликтин жүргүзгөн атайын операциянын натыйжасында кармалганын жазышкан.

Маалыматка ылайык, ал 2008-2011-жылдары Полиция академиясынын студенттери менен иштеген «жоопкердүү киши» болгон. Учурда анын ишин Түркиянын кылмыш соту карап жатат — мамлекеттик айыптоо Йигитти 15 жылга эркинен ажыратууну суранууда.

Ал эми Оккалы 17-мартта Түркияга жеткирилген. Оккалы ФЕТОнун мүчөлөрүн жашырууга жана ага көмөк көрсөтүүгө айыпталып жатат. Аны менен бирге мурда издөөгө жарыяланган Айше Озальп кармалган.

Украина

ФЕТОнун социалдык медиа боюнча эксперти жана журналист Ясин (Юсуф) Инан Украинада 2018-жылдын 12-июлунда кармалган. Инандыны кармоодо Украинанын коопсуздук кызматы катышкан.

Түркиянын бийлиги Юсуф Инанды көптөгөн интернет-сайттар аркылуу «Түркиядагы коомдук пикир менен манипуляциялоого аракеттенип», түрк аткаминерлер тууралуу «жалган маалымат таратып жүргөн» деген айыптарды таккан.

«Hromadske» басылмасы Инанды 2015-жылы Украинанын жараны менен баш кошуп, балалуу болгонун жазган. Инанды үй-бүлөсү менен айыл жергесинде жашап, мал чарбачылык менен алектенген. Ошондой эле ал кайрымдуулук фондун жетектеп жүргөн.

Анын жубайы Катерина журналисттерге курган маегинде Инанды Украинанын күч органдары тарабынан сабалганын айтып берген. Ошондой эле Катерина Юсуф Инанды Гүленди колдобогонун айткан.

Анткен менен Инан Түркияга экстрадицияланган. Ага байланыштуу соттук процесстер бул күнгө чейин аяктай элек.

Косово

ФЕТОнун мүчөсү Хасан Хүсейн Гүнакан Косоводо 2018-жылдын март айында кармалып, Түркияга жеткирилген. Аны менен бирге Түркиянын чалгындоо кызматы Жихан Өзкан, Кахраман Демирез, Мустафа Эрдем, Осман Каракая жана Юсуф Карабинаны кармашкан.

Шектүүлөр балкан өлкөлөрүндө ФЕТОнун мүчөлөрүнү Түркиядан Европа жана АКШга качууга жардам берип жүргөн деген айып тагылган.

Бул кармоо Косовонун күч органдары менен бирге жасалган операциянын натыйжасында болгону айтылган. Анткен менен Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинай бул операция тууралуу аны эч ким маалымдабаганына нааразы болуп, ички иштер министри Флямур Сефай жана чалгындоо агенттигинин жетекчиси Дритон Гашты отставкага кетирген.