ИИМ Орхан Инанды кандай жагдайда уурдалганын иликтейт

Орхан Инанды жана Чыңгыз Айтматов

ИИМ «Сапат» мектептер тармагынын башчысы, Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын уурадалышына байланыштуу билдирүү таратты.

«Учурда Орхан Инанды кайда экени аныкталгандыктан, ИИМ анын дайынсыз жоголушуна багытталган жагдайлар боюнча мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп билдиришти Инандыны бир айдан бери Кыргызстандан издеп, таппай жүргөн кыргыз укук коргоо органдары.

Милиция кызматкерлери Бишкектин көчөлөрүн, тоо этектериндеги аймактарды, дарыялардын нугун жана каналдарды, талааларды жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларды тинтип, ага ички иштер органдарынын 1 миңден ашык кызматкери тартылган. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынган.

Ал арада Түркиянын мамлекеттик ЖМКлары Инанды бир туруп кыргыз жана түрк атайын кызматы тарабынан кармалганын, бир туруп ал Бишкектеги Түркиянын элчилигинде кармалып турганын жазышкан. Ал эми дипмиссияда тинтүү жүргөн-жүрбөгөнүн укук коргоо органдары айткан эмес.

ИИМ милиция кызматкерлери Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча «кеңири масштабда иш жүргүзгөнүн», ал эми иш ведомство башчысынын жеке көзөмөлүндө болгон деп ишендирүүдө. Ал тургай, министрлик тергөөнүн жүрүшүндө башка иштердин да бети ачылганын билдирди — бул укук коргоо органдары үчүн адаттагыдай эле болушу керек эле.

Ошондо Инанды кайда?

Инандыны бир айдан бери кайсы жерде кармап турушаны белгисиз. Бирок 5-июлдун кечинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түз эфирде Орхан Инанды түрк атайын кызматы тарабынан Бишкектен кармалып, Түркияга алынып келингенин билдирген. Арыктап, өңдөн азып, сакал-муруту өскөн «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти ошол эфирде көрсөтүлгөн.

Түркия аны эмне кылат?

Түркиянын Anadolu мамлекеттик маалымат агенттиги кыргыз-түрк «Сапат» мектептер тармагынын президенти Орхан Инанды «куралдуу террордук уюмду түзгөнү жана ага жетекчилик кылганы» үчүн кармалганын жазды.

Агенттик өздүк булактарына таянып, түрк атайын кызматы тарабынан уурдалган Орхан Инанды ФЕТОнун* качкын мүчөлөрүнө 25 кыргыз паспортун мыйзамсыз алып бергенин билдирди.

*«Гүлендин кыймылы» Түркияда террористтик уюм деп таанылып, ФЕТО (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп аталат. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок Фетхуллах Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

Фетхуллах Гюлен 1999-жылы дарылануу үчүн Түркиядан чыгып кеткен. Ал АКШнын Пенсильвания штатына кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал мурда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын үзөңгүлөшү болчу.

Түркия көптөн бери Инандыны алып кетүүгө аракет кылып жүргөн. Эки жыл мурда Түркия Инандыны экстрадициялоо боюнча кат жолдогон. Ошол эле жылы, Түркия «Сапаттын» эки кызматкери, мугалим болуп иштеген Синан Йылмаз менен Санжар Абдухакимди экстрадициялоону талап кылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2016-жылдан бери Инандыны үч жолу уурдоого аракет кылышканын билдирди — анын ичинде быйыл дагы, бирок уурдоого кыргыз атайын кызматы бөгөт койгон. Анын айтымында, Кыргызстан Инандыны өз жараны катары кайтарып келүүгө аракет кылат. Ал эми Түрк элчилиги Инанды — Түркиянын жараны деп ишендирүүдө. Бирок Инанды жоголуп, издөө жүрүп жатканда комментарий берүүдөн баш тартып, ал Түркиянын жараны эмес деген шылтоо айтышкан.