Арсений Мамашев / Kloop

Хрущев заманында курулган үйдүн үстүнкү кабатынан дубал тешкичтин дырылдаган үнү угулат, подьездде болсо каңылжарды жарган химикаттын жыты келет. 36 жаштагы жалалабаддык Виктор Глущенконун башынан аягына чейин боёк чачыраган — ал кардардын батиринде оңдоп-түздөө иштерин кылып атканына бир айдан ашты: туш кагаз чаптап, электр розеткаларын алмаштырып, полун төшөп чыккан.

Ашкана дубалдарынын этегине советтик кафель чапталган, үстүнө шабдалы түстүү суюк туш кагаз тартылган. Ысык. Сыртта 33 градус, чатырдын алдында жашагандарга, анан калса тынымсыз кыймыл-аракетте болуу баарынан кыйын.

Дүкөндөн сатып алган минерал суусун кармаган Глущенко ашканадагы суу чоргосун үмүттөнүп ачып жаап көрдү. Андан суу ичке болуп, аз эле чыгат.

Глущенко ремонт жасап жаткан үйдө суу көбүнесе жок же чыкпай калат. Айзирек Иманалиева / Kloop

«Бул батирди эптеп, араңдан-зорго бүтүрдүм. Суу дайыма ушундай агат. Бул жакка (төртүнчү кабатка) араң көтөрүлөт. Жумушуңду бүтүрүп, жуунуш керек болот кээде. Бул жерде суу кайнаткыч турат, бирок суу келбесе, аны иштетпеш керек — күйүп кетет», — дейт Виктор.

Жолдо келе жатып ал дээрлик күн сайын дүкөнгө кирип, суу алат — кээде бир литр, кээде беш литр сатып алат. Виктор аны ичкенге, чай кайнатканга жана жуунганга колдонот. Сатып алынган суу дайыма керек — Глущенконун айтымында, көп учурда чоргодон суу акпай калат. Виктор дубалдагы суюк туш кагаздарды көрсөтүп, аны чылоо үчүн суу көп керектигин, үйдө болсо суу көп учурда чыкпай калаарын айтат. Мындайда ал убакытын текке кетирбеш үчүн башка иштерге киришет: электр розеткаларын оңдоп, башка майда-чүйдө иштерди жасайт.

Виктор Глущенко кардарынын батиринде. Арсений Мамашев / Kloop

«Ремонт кылып жатканда көп тердейсиң. Краска менен иштейсиң, сууга түшүп чыгыш керек болот — суу жок. Тигил же бул жерди чапташ керек, аркы-беркини жасап, эшик орнотуп, дубалдарды түздөш керек — майда жумуш көп. Унуттуңбу, үлгүрбөй калдыңбы — дүкөнгө барууга туура келет», — деп кайгырат Глущенко.

Ал сүйлөп жатканда чоргодогу суу үзүлдү — ал жерден акыркы тамчы суу чыгып, тып токтоду. Үйдүн тургундарынын айтымында, суу дайыма эле ушинтип токтоп калат, бирок суу акысын үйдө канча киши катталган болсо ошончо төлөш керек — «сууну колдондуңбу-жокпу, баары бирдей төлөйт».

Эсептегичи жок батирлерде суу колдонулбаса да жашоочулардын санына жараша акча төлөнөт. Арсений Мамашев / Kloop

«Башкасын кой, ажаатканага бара албайбыз»

Андан бир кабат ылдый 50 жаштагы Бакыт Молдожанов жашайт. Ал чоргонун жанында тизилген «Пепси», «Бонаква» суусундуктарынын бөтөлкөлөрүн көрсөттү. Бакыт не бар, не жок деп дайыма бөтөлкөлөргө суу толтуруп коёт.

Молдожанов — жергиликтүү активист, ал муниципалдык көйгөйлөрдү жакшы билет, бул тууралуу фейсбук аркылуу дагы айтып келет. Анын батиринде, жогорку кабаттарга караганда суу дурусураак чыгат — бул кабатка суу эптеп-септеп болсо да жетет. Анын чоргосундагы суу кызуу убакта — эртең менен, коңшулары жумушка кетүүгө камынып жатканда жана кеч курун алар кайтып келип жуунуп, тамак-аш жасаганда азайып кетет. Башка учурда Молдожановго суу жетиштүү эле.

Молдожанов чоргонун тушунда суунун стратегиялык запасын сактайт. Арсений Мамашев/ Kloop

«Жай, ысык, суу жок — жаның кашаят. Көйгөйдүн себептеринин бири — элдин сууну ыксыз коротконунда. Шаар ичинде калктын көбү жер тамда турат, баарында чарбак, бакчалары бар. Жайкысын сугат иштери башталганда системадагы басым азайып, жабдуулардын иштөөсү начарлайт», — деп болжоду ал.

Жалал-Абаддын муниципалитети жарандар сугат мезгили келгенде суу тартыштыгына кабылаарын тастыктады. Жеке турак жайлардын жана жакынкы айылдардын тургундары сугат үчүн жазында жана жайында шаардык суу бөлүштүрүүчү кампадан суу алып колдонушат, ошондуктан көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары кыйынчылыкка тушугат.


«Суу чарбанын башчысы менен мэрге бир нече жолу жуунбай бардым. “Сенин үйүңө барып жуунам, менде суу жок” дедим»


Молдожанов суу көйгөйүн айтып муниципалдык кызматтарга расмий кайрылган эмес — ал муну чакан шаарда баары бири-бирин тааныгандыктан, чиновниктерге түз эле же соцтармактарда пост жазуу аркылуу кайрылаарын айтып түшүндүрөт. Муниципалитет болсо, кызматкерлер «аракет кылып жатышат, чыдап туруш керек, бара-бара баары болот» деп жооп берип келет.

Учурда жергиликтүү бийлик суу менен камсыздоо системасын реконструкциялап жатат, ал үчүн 2019-жылы Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 159 миллион сом насыя алынган. Насыядан кутулуу үчүн Жалал-Абад муниципалитети суу тарифин 20%га көтөргөн жана дагы 45%га көтөрүүнү пландап жатат.

Азырынча мэрия реконструкциянын биринчи фазасын гана аяктады, Бакыттын айтымында, мындан ал өз жашоосу үчүн эч кандай деле өзгөрүүнү сезген эмес. Активист шаардыктар бийлик суу түтүктөрүн толугу менен алмаштырып бүткүчө күтө албайт, маселени азыр чечиши керек деп эсептейт — батирдин тургундары «башкасын коюп, ажаатканага бара албай жатат».

Жалал-Абаддын «Жашыл чарба» ишканасынын унаасына сугат иштери үчүн суу толтуруу. Жумушчылардын бири кесиптешине бөтөлкөгө суу куюп берип жатат. Айзирек Иманалиева / Kloop

«Акча төлөп жаткандан кийин кызматты толук алышым керек да. Суу чарба башкармасы менен шаар мэрине бир нече жолу жуунбай баргам. “Үйдө суу чыкпай жатат, азыр жуунуш үчүн сенин үйүңө барам!” дедим. Ошондон кийин суу чарба кызматынын башкы инженери күн сайын телефон чалып, суунун агымы кандай деп сурап калды», — дейт Молдожанов. Ал муниципалитеттен өз укуктарынын сакталышын талап кылбаган жашоочулардын да жарым-жартылай күнөөсү бар деп эсептейт — «бийликтен талап кылып турсаң кыймылдайт да».

Суу эсептегичин алышпаса сууну өчүрүп салабыз

Жалал-Абаддын суу чарба башкармалыгынын башчысы Зарылбек Тыныбек уулунун айтымында, реконструкциянын биринчи фазасы жүрүп жатканда шаардагы жеке турак жайлардын 70%на суу эсептегичтери коюлган. Экинчи фазанын жүрүшүндө бийлик эсептегичтерди көп батирлүү үйлөргө коюуну пландап жатат.

«Жакында экинчи фаза боюнча тендер жарыялайбыз, долбоор иштелип чыкты, азыр экспертизада. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат, айылдык кеңештер менен эсептегичтерди орнотуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Шаардын жанындагы райондор көптөн бери сууну эсептегичи жок колдонуп келет — биз аларга аны орнотуп берели деп пландап жатабыз. Ал жакта өздөрүнүн суусу жок», — дейт аткаминер.

Жалал-Абад суу кампасынын аймагы. Жумушчуларга гана кирүүгө болот. Арсений Мамашев / Kloop


«Бул жерде арык, ачкыч, канал же башка суу чыгуучу жер жок. Суу түтүктөрү гана»


Айжамал Тарыкчиева 58 жылдык өмүрүнүн отуз жылын Жалал-Абадга жакын Таш-Булак айылында жашап келет. Ал жашаган чакан бир кабаттуу үйдүн короосунда болгар калемпири, помидор, анар, айва жана башка өсүмдүктөр өсөт. Тарыкчиева сугат үчүн ага эле эмес, кошуналарына дагы суу көп керектигин, бул жерде жер кыртышы таштак экенин, анын үстүндө суу көпкө кармалбасын айтат.

Ал өзү жашаган жердеги үйлөр мурда жер алдындагы сууну сордургуч менен чыгарып берген жергиликтүү күнөсканага туташ болчу экенин айтат. Бирок калктын саны өскөндүктөн ал да жетпей, район шаардык суу берүү тутумуна кошулган.

Азырынча башка жолу жок. Айжамалдын кошуналары болсо райондо туш келген жерге септик орнотулгандыктан, жер алдынан чыккан сууну колдонуу ден соолукка зыян болуп калды деп кейишти.

Айжамал Тарыкчиева кошуналары менен суу өлчөгүчтүн орнотулушун талкуулап жатат. Арсений Мамашев / Kloop

«Бул жерде арык, ачкыч, канал же башка суу чыгуучу жер жок. Суу түтүктөрү гана», — дейт Тарыкчиева. Ал өз үйүндө, коңшуларында деле суу эсептегич орнотулбаганын кошумчалайт. Жакында бийлик жашоочулар суу эсептегичти өзүңөр сатып алып орноткула деген талабын айткан.

Тарыкчиеванын айтымында, 700 жана андан жогору турган эсептегичти сатып алганга көбүнүн эле чамасы жетпейт — пандемия убагында көбү жумушсуз калып, ал эми азык-түлүк кымбаттаган. Жалал-Абад облусу узак жылдардан бери өлкөдө эң эле жакыр облустардын бири деп эсептелинип келет, мындан тышкары, пандемия баарынан да дал ошол облустун тургундарынын капчыгын каккан.

Тарыкчиеванын арыз-муңу:

«Эсептегич сатып албасак, сууңар өчүрүлөт деген эскертүү келди. Аны кантип сатып алабыз? “Тигил-же бул базардан мындай же тигиндей эсептегичти сатып алгыла” деген түшүндүрүү иштери болушу керек. Кантип өчүрүп коюшат сууну? Биз анда эмне ичебиз?»