Санкт-Петербургда 230 миң рубль карактоого айыпталган кыргызстандыктар акталды

Заирбек Дүйшө уулу, Нургазы Сарыков жана Бекболот Меңишбай кармалган учурда

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Фрунзе райондук соту 230 миң рубль карактоого айыпталган үч кыргызстандыкты актап, сот залынан бошотту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 7-июлда билдирди.

Кыргызстандыктар 2019-жылдын 27-декабрында Санкт-Петербург шаарынын тургунун көп кабаттуу үйдүн алдында карактоого шектелип кармалган. Алар 2020-жылдын февраль айынан тарта тергөө абагында кармалган.

Алгач полиция төрт кишини кармаган, алар: 36 жаштагы Нургазы Сарыков, 28 жаштагы Заирбек Дүйшө уулу, 30 жаштагы Бекболот Меңишбай жана 26 жаштагы Арлен Искендеров. Кыргызстандыктар күнөөнү мойнуна алып, бирок кийинчерээк күч органдары тарабынан кыйноолорго кабылганын билдиришкен.

Арадан сегиз ай өтүп полиция Искендеровду «кылмыш курамы жоктугуна» байланыштуу бошоткон. Ал эми калган үч кыргызстандык абакта калган.

Тергөөдөгү карама-каршылыктар

«Фонтанка» басылмасынын журналисттери тергөө учурунда көптөгөн карама-каршылыктарды жана полиция кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууларды аныкташкан.

Мисалы, «карактоонун уюштуруучусу» делген Нургазы Сарыковдун жактоочусу Сергей Быковскийдин айтымында, полиция кызматкерлери шектүүнү сабап, кийинчерээк аны чечиндирип, электрошокер колдонушкан. Ошондой эле Быковский Сарыковдун денесинде көгөрүүлөрдү байкаган.

Нургазынын иниси Ислам Сарыковдун айтымында, анын агасы Купчинодо карактоо болуп жаткан учурда үйдө отуруп, Whatsapp мессенжер аркылуу достору менен баарлашкан. Журналисттер Сарыков досторуна жөнөткөн үн билдирүлөөрдү угуп, арткы фондо коомдук жайга же көчөгө таандык үндөрдү байкаган эмес.

Бирок жабырлануучу аял өз көрсөтмөсүндө Сарыковду карактоо учурунда ага ок чыгарган киши деп тааныган. Ошол эле учурда журналисттер аялга кол салууга аракет жасаган кылмышкер сакалчан, көрүнүктүү мурду менен ыктымал кавказ улутундагы жаран болгонун байкаган — ал эми Нургазы Сарыков эч качан сакал өстүргөн эмес жана анын мурду жалпак болгону айтылган.

Экинчи шектүү Заирбек Дүйшө уулу колго түшкөндө күнөөнү толугу менен мойнуна алган. Кийинчерээк ал кыйноолорго кабылганын билдирген.

Дүйшө уулу «Стройинвест» курулуш компаниясында иштеген — аталган компания 2019-жылдын декабрь айында «Автотранспорттук комбинат» мамлекеттик ишканасынын аймагында иштерди жүргүзгөн.

«Автотранспорттук комбинаттын» башкы директорунун орун басары Сергей Глаголевдин айтымында, Дүйшө уулу ошол күнү ишке эрте менен саат 9:10до келип, 21:58де чыгып кеткен. Муну ишканадагы сырткы байкоочу камералар дагы тастыктаган. Ал эми карактоо кечки саат 21:07де болгон.

Үчүнчү шектүү Бекболот Меңишбай «Такси везёт» кызматында иштеген. Карактоо болгон күнү кардарды жеткирип жүргөн.

Журналисттер Меңишбай ошол күнү жеткирген Наталья аттуу жүргүнчүнү табышкан. Натальянын айтымында, ал кечки 20:30дарда такси чакырып, 21:07де курбусу жашаган үйгө жеткирилген. Меңишбай жүргүнчүсүн жеткирген жай жана карактоо болгон жердин ортосунда сегиз километр аралык бар.