«Сезим» кризистик борбору Бишкектин Октябрь райсоту 24-июнда Калия Арабекованы зордуктоого айыпталган үч адамды актаганын маалымдады.
Сот отуруму жабык эшик артында өттү. «Сезим» борборунан «Клоопко» Арабекова жана анын адвокаты бул чечимди даттанаарын билдиришти.
Андан тышкары, кризистик борбордон Арабековага отурумда акыркы сөз берилбегенин айтышты. Аны менен катар ишке байланышкан көпчүлүк далилдер менен илинчектер жок кылынганын кризистик борборго Арабекова өзү айтып берген.
«Балдарым жана намысым болбогондо адилеттүүлүк үчүн күрөшпөйт болчумун. Мен алардын апасы күнөөлүү эмес экенин билишин каалайм», — деп келтирди Арабекованын сөздөрүн «Сезим» борборунун өкүлдөрү.Укук коргоочулар Арабековага сот залында айыпталып жаткандардын туугандарынан коркутуп-үркүтүүлөр болгонун дагы кабарлашты.
8 жылга созулган соттук териштирүүлөр
Арабекованын иши боюнча соттук териштирүүлөр сегиз жылдан бери уланып келет. Бул аралыкта ал соттон айыпталуучуларга адилеттүү жаза берүүнү талап кылып жатат.
Калия Арабекова 2013-жылдын декабрында үч сот кызматкери — Талас облустук сотунун судьясынын жардамчысы Алтынбек Алыбаев, Кара-Буура районунун сот аткаруучусу Мукаш Кененсариев жана Талас шаардык сотунун сот аткаруучусу Илгиз Карымбаев тарабынан зордукталган.
30-декабрга караган түнү Калияга сот аткаруучу байланышка чыгып, мурдагы күйөөсү Акматбековдон алган алименттин акчасын берээрин айткан. Бирок жолугууга сот аткаруучу жалгыз келбей, эки бейтаныш адамды ээрчите келген. Алар Калияны унаага салып, Талас шаарындагы чочун батирге алып келишкен.
Ал жерден Арабекованы зордуктап, уруп-согуп, таң атканча караңгы дааратканага камап коюшкан. 2015-жылдын майында Сокулук райондук соту үчөөнү тең катаал режимдеги абакка 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок алар азыркы күнгө чейин эркиндикте жүрөт.
Америка юристтер ассоциациясынын баяндамасына караганда, судья алардын камакка алынганы тууралуу буйрукту, аппеляция карала турган убакыт аралыгында берүүдөн баш тарткан.
Ал эми Арабекова болсо өз укугун коргоого аракет кылган убакыт аралыгында зордукчулар жана алардын туугандары, ошондой эле сот системасы тарабынан коркутуп-үркүтүүгө кабылып келген.
2015-жылдын 21-июлунда Арабековага эки эркек тарабынан кайрадан өз үйүндө кол салынып, зордукталган. Алардын бири мурда зордуктаган үч кишинин бирөө экенин тааныган.
«Мен эшикти ачсам мойнума жип салып, бөлмөнүн ичинде ары-бери сүйрөй баштады. Катуу муштумдан кулап түштүм, ичке тепкилей башташты. Бир нерсе деп айтууга алым келген жок. Балдарымды өлтүрбөгүлө деп гана кыйкырып жаттым. Караңгыда өңдөрүн көрө алган жокмун, бирок үнүнөн Илгиз Карымбаев экенин тааныдым. Кантип тааныбайм, эки жылдан бери соттошуп жүрсөм?! Алар мени чечиндирип, зордуктай башташты. Муунтуп өлтүрүп деле коюшмак. Сабап жатканда дагы, сени өлтүрөбүз, эч ким эч нерсе кыла албайт деп айтып жатышты», — деп айтып берген Арабекова.
Акыйкатчыга кайрылгандан кийин Башкы прокуратурага жана Жогорку соттун төрагасына апелляция жөнөтүлгөн. Акыйкатчы биринчи өкүм адилеттүү болгон деп корутунду чыгарып, Талас сотторунун чечимин «коррупциянын жыйынтыгы» деп атаган.
2019-жылы июлда Жогорку сот Талас облусттук соту чыгарган актоо өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайрадан кароо үчүн Бишкектин Октябрь райсотуна жөнөткөн.