Орхан Инанды

5-июлда бир айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз болгон «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму тарабынан уурдалып, Түркияга жеткирилгени маалым болду.

Ал арадан ИИМ Инандынын кантип уурдалганын жана анын жарандуулугун текшерип жатат. Ал эми юристтер кыргызстандык Орхан Инандынын түрк жарандуулугу бар болгон учурда деле анын уурдалышы мыйзамсыз экенин айтып чыгышты.

«Кыргыз жараны башка өлкөгө өткөрүлүп берилбейт»

Замир Жоошев

Юрист Замир Жоошев «Клоопко» курган маегинде Орхан Инандынын Түркияга жеткирилгени Кыргызстандын Конституциясы жана Жазык-процессуалдык кодексине каршы келет деп түшүндүрдү.

«Бирок бул жерде кылмыш жасабаган, ага карата өкүм чыкпаган адамды алып, өткөрүп беришти. Менин түшүнүгүм боюнча өткөрүп берүү болду [...] Мейли, ал Түркия жана Кыргызстандын жараны экен, бирок ал 2012-жылдан тарта Кыргызстандын толук кандуу жараны болуп эсептелет. [Бийлик] аны коргоп, бербеши керек болчу. Бул жерде Кыргызстан ал “биздин адам” болгонун эске алышы керек. Ал эми Инанды Түркиянын жараны болгону биз үчүн экинчи планда», — деп түшүндүрдү Жоошев.

Ошондой эле юрист Орхан Инанды Кыргызстанда жашагысы келгени да маанилүү жагдай болуп эске алышы керек деп белгиледи.

*Конституциянын 51-беренесинде кыргыз жараны «республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт» деп көрсөтүлгөн. Ал эми Жазык-процессуалдык кодексинде 524-беренесинде чет өлкөнүн Кыргызстандын жаранын жоопкерчиликке тартуу үчүн өткөрүп берүү өтүнүчү канааттандырууга жатпайт деп жазылган.

«Инанды зомбулук менен жоготулган»

Клара Сооронкулова

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Инанды уурдалбай эле, «зомбулук менен жоготулган» деп эсептейт. Анткени адам уурдоодо бир же андан көп киши өз демилгеси менен уурдайт. Ал эми «зомбулук менен жоготуу» мамлекет же анын атайын кызматы тарабынан, ошондой эле анын макулдугу же колдоосу менен жасалат.

Сооронкулова «зомбулук менен жоготуу» адамзатка каршы кылмыш болуп эсептелээрин кошумчалады.

*Жогорку кеңеш Бардык адамдарды зомбулуктуу жоголуудан сактоо боюнча эл аралык конвенцияны бүгүнкү күнгө чейин ратификациядан өткөрө элек, анткен менен Жазык кодексинде «Зомбулук менен жоготуу» беренеси бар. 2019-жылы өкмөт аталган конвенцияга кошулуу маселесин караган, бирок азыркыга чейин жыйынтык жок.

«Алар [Инандыны өткөрүп берүү жөнүндө] расмий түрдө өтүнүч жибериши керек болчу, бирок Конституцияда биздин жарандарды өткөрүп берүүгө тыюу салынган. Мисалы, ал башка өлкөнүн аймагында кылмыш жасаганда — эгерде мамлекеттер ортосунда келишим болсо — аны [чет] мамлекет өткөрүп берүүнү өтүнсө болмок. Бирок бул учурда дагы баары соттук процедуралар менен болушу керек — алар [Түркия] ал кылмыш жасагандыгын далилдеп бериши керек», — деди Сооронкулова.

Ошондой эле юрист өлкөлөрдүн арасында келишим жок болгон учурда дагы сот болушу керектигин белгиледи. Сооронкулова «Сапат» лицейлеринин мугалимдери Синан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимдин окуясын мисал келтирди.

2019-жылы түрк бийлиги Йылмаз менен Абдулхакимди Кыргызстандан экстрадициялоону өтүнгөн. Башкы прокуратура бул өтүнүчтү канааттандырып, аларды Түркияга өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алган. Ошондой эле Йылмаз жана Абдулхаким УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген.

Ал эми «Сапаттын» мугалимдеринин жактоочулары Биринчи май райондук сотуна кайрылышып, алар Кыргызстандан башпаанек сураганын билдиришкен. Мындан улам Биринчи май райондук соту 2019-жылдын декабрь айында Башкы прокуратуранын токтомун жокко чыгарган. Ал эми 2020-жылдын башында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Мындан сырткары Сооронкулова Беларусь бозгун президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанда кайтарбай жатканын да мисал кылды. Кыргызстандын соту Бакиевди сырттан өмүр бою кескенине карабастан Беларусь муну «саясий куугунтук» деген жүйө менен берүүдөн баш тартууда.

«ИИМ мыйзамды так билбейтко»

Азизбек Ашуров

«Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтер» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Азизбек Ашуров ИИМдин Инандынын жарандыгын текшерип жаткан аракеттерин сынга алды. Ашуров «Кыргыз Республикасынын жарандыгы» жөнүндө мыйзамдын 6-беренесине таянып, башка өлкөнүн жарандыгы бар кыргыз жараны «Кыргызстанын жараны катары гана каралаарын» эскертти.

«Биздин жарандардын башка да жарандыгы болушуна мыйзамда жол берилген. Себебин айтпаса да белгилүү: биздин миңдеген жарандар чет өлкөдө башка жарандык алып, кыргыз жарандыгынан баш тарпай эле жүрүшөт, анын үстүнө бул эл аралык тажрыйба. Ар бир өлкө өз жарандарын сактап калууга кызыктар болушу керек», — деп жазды Ашуров.

Ошондой эле Ашуров башка жарандык алууга мамлекеттик кызматкерлерге гана чектөө киргизилгенин кошумчалады.

«Ошондуктан башка жарандыгы такталган чакта да, биздин жарандар биздин өлкөнүн жараны катары гана таанылып, анын коргоосунда болушу тийиш», — деп түшүндүрдү Ашуров.

Орхан Инандынын уурдалышы

Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Буга президент Садыр Жапаров реакциясын билдирип, УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган.

Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан. Кийин алар Инандыны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп божомолдошкон.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.

Түркиянын бийлиги Инандыны «террористтик уюмду түзүү же башкарууга» айыптап жатат. Ал эми Режеп Тайып Эрдоган Инандыны ФЕТОнун* Борбор Азия боюнча башкы менеджери деп атаган.

*ФЕТО же «Фетхуллах Гүлендин кыймылы» Түркияда террористтик уюм деп таанылган. Ал түркчөдөн Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Түркия 2019-жылы бул айыптоолордун негизинде Инандыны экстрациялоо боюнча өтүнүч жибергенин билдирген. Анткен менен Инанды 2012-жылдан тарта Кыргызстандын жарандыгын алганына байланыштуу кыргыз бийлиги Түркиянын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

ТИМ Түркиянын элчиси Ахмет Доганга нота тапшырып, Инандыны Кыргызстанга кайтарууну талап кылды. Ал эми Доган Орхан Инанды Түркиянын жараны болгонун айтууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эрдоган Түркиянын атайын кызматы кыргыз жараны Орхан Инандыны уурдап кетишкенин билдирди