УКМК: Ташиевдин тууганынын айынан «Кыргызтелекомго» кысым көрсөтүү болгон эмес

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы ЖМКлардагы «ведомство башчысы Камчыбек Ташиевдин тууганы Замир Кожомуратов "Кыргызтелекомдун" директорлоруна кысым көрсөтүп жатат» делген маалыматты төгүндөдү.

УКМКдан билдиришкендей, атайын кызматтын «Кыргызтелекомдун» ишмердүүлүгү менен кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок.

«УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жана кадыр-баркын өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон адамдардын баарына, туугандык байланышына карабай колдонуудагы мыйзамда каралган чаралар көрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ташиевдин тууганы — Замир Кожомуратов — кысым көрсөтүп жатканы тууралуу «Кыргызтелекомдун» директорлор кеңешинин мүчөлөрү Маралбү Бианки жана Улукбек Самыйбеков айтып чыгышкан.

Kaktus.Media басылмасына курган маегинде алар, Кожомуратов Ташиевдин жээни экенин, жумуштан бошотулгандан кийин иш ордун бошотуудан баш тартып, аларга каршы интригаларды уюштурганын айтып беришкен.

«Жумуштан бошотууга толтура себеп болгон: эмгек тартибин бузуу, компетентсиздик, кесибин билбестиги, жумуш ордунда мас жүргөнү, агасынын атын жамынып коркутканы, тажрыйбасынын жоктугу», — деп айтып берген Бианки.

Ал Кожомуратов жумуштан бошотулгандан бери — 24-майдан тартып — компаниянын директорлор кеңешинин мүчөлөрү УКМК тарабынан кысымга алынып жатканын кошумчалаган.

«Бизди УКМКга суракка чакырып, телефон чалып коркутуп, чечмиңерди Кожомуратовдун пайдасына өзгөрткүлө деп жатат», — деген кеңештин мүчөсү.