Юристтер Ташиевди сынга алды. Ал президентти «каралагандар» жоопко тартыларын айткан

«Меди Полиси Институнун» юристтери УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин президент Садыр Жапаровду сындагандар жоопко тартылат деген билдирүүсүнө баа беришти.

Ташиев мындай билдирүүсүн 8-июлдагы маалымат жыйында жарыялаган. Анда «ар бириңерди тизмектеп, белгилеп атабыз» деп айткан болчу.

«Интернетте өлкө башчысын, дагы башка кызмат адамдарын далилсиз жамандап, каралап жаткандар кайсы бир күнү жоопко тартылат. Биз ар бириңерди тизмектеп, белгилеп жатабыз», — деген Ташиев.

Юристтер өлкө башчысынын дарегине айтылган негативдүү билдирүүлөрдү талдоо УКМКнын иши эместигин эскертишкен.

«Балким, УКМКга ушундай функциялар жазылган ички жабык документтер бардыр. Андай болсо жөндүү суроо жаралат, УКМКнын ушундай ыйгарымдары Конституция боюнча канчалык мыйзамдуу жана максаттуу?» — деп суроо салышты юристтер.Ошол эле кезде алар интернетке мындай мониторинг кылуу коомдук жана мамлекеттик коопсуздукту сактоо, анын ичинде өлкөнүн эмгемендигине кол салуулардын алдын алуу үчүн гана негиздүү экенин белгилешти.

«Башка адам эмес, президенттин дагы абийирин, кадыр-баркын коргоо бул мыйзамдуу максаттардын тизмесине кирбестиги айдан ачык», — деп кошумчалашты юристтер.

«Радикалдаштыруу жана бузуку аракеттер»

Президенттин дарегине сын айткандарды жоопко тартуу жөнүндө билдирүүдөн кийин Ташиев өлкөдө «коомду радикалдаштыруу аракети» болуп жатканын кошумчалаган. Андан соң жарандарды «коомду бузуку аракеттерге үндөбөөгө» чакырган.

«Ошондуктан урматтуу жарандар, токтоткула! Коомчулукту радикалдаштыруунун, төңкөрүшкө чакыруунун кереги жок. Ар кандай саясий корунучтарга, ал тургай ар кандай төңкөрүшкө чакырган адамдар көп. Мунун жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн, интернет аркылуу чакырык кылган адамдар үчүн дагы», — деген Ташиев.

Бул боюнча «Медиа полиси институту» уюмунун укук коргоочулары Ташиев экстремисттик иш аракет үчүн кылмыш жообуна тартууну айткан болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Мындай аракеттерге бийликти күч менен басып алуу же эл адында ага чакырык жасоо кирет. Ошондой эле, расалык, этникалык, улуттук жана диний касчылыкка чакыруу дагы ушуга кирет.

«Тилекке каршы, ушул мыйзамда тыюулар өтө кеңири жазылган жана укуктук колдонуудагы кыйынчылыктар ачык байкалат», — айтылат юристтердин баасында.

Юристтер өз кезегинде Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго дагы «бийликти басып алуу» беренесин колдонуу аракети болгонун эске салышкан. Анда алар «Ата-Журттун» депутаты болчу. 2012-жылдагы «Кумтөрдү» улутташтырууга арналган тынчтык митингинде алар Ак үйдүн тосмосун ашып түшүшкөн.