Баткен: Каза болгон аскердин сөөгү Тажикстандан алынып келинди

Хуснидин Хажиев. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда курман болгон 27 жаштагы аскер Хуснидин Хажиевдин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Тажик тарап аскердин сөөгү менен кошо Кыргызстандын чек ара кызматына тиешелүү үч атты жабдыктары менен өткөрүп берген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Сержант Хажиевдин сөөгү кыргыз-тажик чек арасындагы «Кайрагач-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу алынып келинген. Анын сөөгүн Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын жана Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү өткөрүп алышкан.

Чек ара кызматы билдиргендей, учурда тажик аскер кызматкерлери кармап кеткен экинчи аскерди кайтарып алуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланып жатат.

Буга чейин Баткенге Башкы штабдын начальниги, Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Курсанбек Бекташов жөнөп кетишкени кабарланган.

Кыргызстандын чек ара кызматы 8-июнда саат 17:00 чамасында Баткендеги атчан чек ара кезмети Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн чабуулга кабылганын билдирген.

Маалыматка ылайык, атчан кезметтин курамында төрт чек арачы болгон. Анын экөөсүнө ок тийип, экөө качып кетүүгө үлгүргөн. Жарадар болгондордун бири каза тапкан. Ал эми бир жоокер барымтага алынган.

Ок атышуу учурунда тажик тараптан да жарадар жана каза тапкандар бар болгону айтылууда, бирок тажик бийлиги жоготуулар боюнча расмий маалымат бере элек.

Ал эми тажик ЖМКлары Тажикстандын УКМКсынын маалыматына таянып, ок атышуу төрт кыргыз чек арачы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн орун алганын жазышкан.