Ошко «Синофармдын» 135 миң дозасы келди. Эмдөө пункттарынын даректери

Ош облусундагы эмдөө пункттарынын бири. Сүрөт: Облустук администрациянын басма сөз кызматы

Ош шаарына жана облусуна 12-июлда Кытайдан жалпы 135 миң доза «Синофарм» вакцинасы келди. Анын 50 миңи — шаары тургундарына, 85 миңи облустагылар үчүн.

Ошондой эле вакцина менен кошо тиешелүү сандагы атайын сурамжылоо баракчалары, макулдашуу боюнча анкета жана карточкалар кошо келди.

Бул вакцинаны алып келүүнүн биринчи этабы. Ош мэриясы үч этаптын алкагында жалпысынан калаага 110 миң, облуска 175 миң доза вакцина келээрин маалымдады.

Вакцинаны кайсыл жактан алса болот?

Эмдөө шаар тургундары үчүн 7 күн бою саат 08:00дөн 23:00гө чейин шаардын борбордук базарында, «Келечек» базарында, «Глобус», «Фрунзе» гипермаркеттеринде, төрт мектепте жана поликлиникаларда акысыз жүргүзүлөт. Калаадагы жана облустагы эмдөөчү пункттардын дареги менен иш убактысын билүү үчүн бул шилтемени басыңыз.

Вакцина алуу үчүн сиз алгач өздүгүңүздү тастыктоочу документтерди ала барышыңыз керек. Дарыгердин кароосу учурунда башка документтер да талап кылынышы мүмкүн.


«Синофармдын» биринчи жана экинчи дозасын алган соң сиз вакцинациялангандыгыңыз тууралуу атайын сертификатка ээ болосуз. Аны менен чет өлкөгө чыксаңыз ПЧР-анализин тапшырып жүрбөйсүз — сертификат дүйнө жүзүндө таанылат.


Мындан сырткары Ошко июль айынын аягында AstraZeneca вакцинасынын келиши күтүлүп жатат.

11-июлга карата өлкөдө вакцина алгандардын жалпы саны 129 миң 175ти түздү. Ал эми коронавирус 13-июлда бир сутка ичинде 1 292 кишиден аныкталды, ошондой эле 10 киши каза болду.