Организмде антитело бар болсо эмдөө алуу керекпи? Президент Жапаровдун мисалында айтып беребиз

COVID-19 пандемиясы бүткүл дүйнөнүн, анын ичинде кыргызстандыктардын жашоосун бир топ өзгөрттү. Эксперттер, врачтар жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) пандемияга каршы күрөшүүдө калкты жапырт эмдөөгө басым жасашууда.

Вакцина алуу вирустун таралуу темпин басаңдатууга жардам берет. Эмдөө алгандарда илдет дагы жеңил өтөт.

Кыргызстанда болсо эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айында башталган, бирок күткөндөй алдыга жылуу болгон жок.

Аны менен катар, айрым жарандар вакцина алууда арсар ойдо турат — анткени COVID-19 менен ооругандарда организм иштеп чыккан антитело бар.

Ушундай эле аргументти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров колдонуп келет. Март айында вакцина саюу жаңы башталганда өлкө башчысынын басма сөз кызматы Жапаров коронавирус менен ооруп айыкканын жана анын организми вакцина албай турууга жетиштүү антитело иштеп чыкканын билдирген.

Андан кийин, ошол кезде президенттин басма сөз катчысы болуп турган Галина Байтерек президенттин антителолору азайып кете турган болсо, вакцина алат деп кошумчалаган.

Кийин 30-июнда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев АКИpress басылмасына маек куруп, Жапаровдун организминде антитело жетиштүү экенин айткан. Эгерде аз болсо вакцина алуу сунушун бергенин да кошумчалаган.

Июлдун ортосуна карата президенттин антителолоруна байланыштуу абал өзгөргөн эмес — Жапаровдун аппаратынан «Клооптун» журналистине президент вакцина ала турган болсо, кошумча маалымат беребиз деп билдиришкен.

ДССУ жана эксперттер антитело тууралуу эмне дешет?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдети менен ооруп айыккандан кийин адам организми иштеп чыккан антителолорду изилдөөсүн дагы деле улантууда.

Уюмдан белгилешкендей, адамдагы антителолордун деңгээли ар кимде ар башка. Оорунун оор түрүнө кабылган адамдарда антитело көп, ал эми жеңил формада ооругандар же эч кандай белгиси жок вирус алып жүрүүчүлөрдө азырак.

Бирок оорудан кийин пайда болгон антитело адам организминде канча убакыт болору боюнча дүйнөлүк изилдөөчүлөр бир пикирге келе элек. Ал вирустан канчалык деңгээлде коргой турганы да белгисиз.

ДССУнун Орусиядагы өкүлү Мелита Вуйнович ТАСС басылмасына курган маегинде антителонун болушу вакцина адамга зыян алып келет дегенди түшүндүрбөсүн айтып берген.

«Ар кандай антителолор бар жана клиникалык шартта колдонулган көпчүлүк стандарттуу тесттер коронавирусту нейтралдай турган антителолорду көрсөтпөйт», — деп билдирген Вуйнович.

Ал вируска туруштук берүүчү жогорку денгээлдеги иммунитетти аныктоо үчүн атайын тесттери бар илимий лаборатория керек экенин кошумчалаган. Аны менен бирге, мындай лабораторияда жогорку квалификациялуу адистер иштеши керек.

«Демек ДССУ азырынча антителого тест тапшырбай турууну сунуштайт, тест сизге көп деле маалымат бербейт, бирок жооткотушу мүмкүн», — деп түшүндүргөн ДССУнун өкүлү.

АКШдагы ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борору (CDC) ДССУ сыяктуу эле антитело болгонуна карабай COVID-19га крашы вакцина алуу керек деп эсептешет.

Андан тышкары, Сиетлдеги «Фред Хатчинсондун ракты изилдөө борбору» вакцина сайдыргандан кийинки антитело оорудан соң пайда болгон антителого караганда таасирдүү экенин айтып жатат.

Кыргызстандагы эмдөө

Кыргызстандагы калкты эмдөө кампаниясы 2021-жылы мартта башталган. Бирок 12-июлда өлкөгө Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы алып келингенден кийин активдүү фазага кирди.

Вакцина келгенден кийин дароо эле президент Садыр Жапаров бардык ведомстволорду, анын ичинде айыл өкмөттөрүнө чейин кызматкерлерине вакцина сайдырууну тапшырды. Аны менен катар өлкө боюнча 900гө жакын эмдөө пункттары ачылды. Бардык каалоочулар акысыз эмдөө алса болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин 13-июлга карата маалыматы боюнча, COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 131 миң киши алды, экинчи дозасы 85 миң жаранга сайылды.

Ошондой эле, ведомствонун маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун 142 270 учуру катталган. Илдеттен улам 2 123 адам көз жумган.