Садыр Жапаровду соттогон Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы отставкага кетти

Жаңыл Мамбеталы

Жогорку Кеңештин депутаттары 15-июлдагы отурумда Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталынын отставкасын кабыл алды. Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Мамбеталы өз калоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазганын билдирди.

Судья парламенттин отурумуна келген жок. Ал эми депутат Ирина Карамушкина Мамбеталы мурда Садыр Жапаровду соттогонун эске салып, бул «өч алуу болушу мүмкүн» деп судьянын отурумга катышпаганына нааразы болду.

Мамбеталы 1996-2013-жылдары Свердлов райондук сотунун, 2013-2018-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген.

2017-жылдын сентябрь айында Мамбеталы төрайымчылык кылган Бишкек шаардык сотунун коллегиясы учурдагы өлкө башчы Садыр Жапаровду 11,5 жылга эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырган. Анда Жапаров 2013-жылы Каракол шаарындагы митингде экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга айыпталган.

Мамбеталы Жогорку соттун судьялыгына сунушталып жатканда депутаттын суроосуна жооп берип жатып Жапаровдун иши боюнча «эч кимдин буйругун аткарбаганын» билдирген. Ал эми 2018-жылдын сентябрь айында Мамбеталы Жогорку соттун судьясы болуп дайындалган.

Ал эми Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларында абактан бошотулуп, бир айдын ичинде акталган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь айында ал президент болуп шайланган.