Коронавирустун жаңы 1 334 учуру катталды, 11 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 15-июлда өлкөдө коронавирустун 1 334 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 33 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 702 (алты медик);

Чүй облусунда — 228 (жети медик);

Баткен облусунда — 118 (15 медик);

Жалал-Абад облусунда — 79 (бир медик);

Ош облусунда — 67 (бир медик);

Ысык-Көл облусунда — 49;

Ош шаарында — 47 (эки медик);

Нарын облусунда — 24 (бир медик);

Талас облусунда — 20.

Ошондой эле өткөн суткада 1 1 63 бейтап айыгып, 11 киши каза болду — алардын алтоо Бишкек шаарында, экөө Талас облусунда, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда бирден.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 146 292ге жетти. Оорудан 122 923 бейтап айыгып, 2 154 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 863 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын ичинде 216 кишинин абалы өтө оор. Мындан сырткары 15 159 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.