COVID-19дан 10 адам каза болуп, 1 373 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдын 18-июлга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун жаңы 1 373 учуру катталып, 10 адам каза болду.

Бишкек шаарында — 832;

Чүй облусунда — 163;

Баткен облусунда — 119;

Жалал-Абад облусунда — 57;

Ош облусунда — 57;

Ысык-Көл облусунда — 52;

Ош шаарында — 45;

Талас облусунда - 25;

Нарын облусунда — 23.

Ал эми каза тапкандардын алтоо Чүй облусунда, экөө Ысык-Көлдө, Нарын жана Баткен облустарында бирден катталган. Ошондой эле оорудан 1 103 бейтап айыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 149 029 адамга жетти — алардын ичинен 125 161 киши айыкты. Коронавирустан жалпысынан 2 175 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 4 725 бейтап дарыланууда, 1 437 адамдын абалы оор. Дагы 15 757 киши үй шартында дарыланууда.

Мындан сырткары, сутка ичинде 43 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Алардын көпчүлүгү Баткен облусу жана Бишкек шаарынан. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 166га жетти, анын ичинен 5 373 медкызматкер илдеттен айыкты.