«Башка жагы менен күлөт». Депутаттар «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорлорун сынга алышты

Момбеков, Жапаров жана Акаев

Жогорку Кеңештин 22-июлдагы жыйынында президент Садыр Жапаров демилгелеген «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору депутаттардын кескин сынына кабылды.

Депутат Жанар Акаев президент сунуштаган мыйзам долбоорлорун «чийки» деп атап, чоң кесепеттерге алып келет деп билдирди. Анын айтымында, долбоор «бийликте турган эки кишинин амбициясына карап жазылган».

«Азыркы болуп жаткан кош бийликти же таасирди талашууну мыйзамга жазып атышат. УКМК азыр каалаган министрин, каалаган акимин камап жатат. Бул мыйзамда президент «УКМК эми менин уруксатымсыз камай албайт» деп атат. Керек болсо акимдер президенттин уруксаты менен гана камалат экен. Эмне президент ууру министрдин, ууру акимдин, баарынын жоопкерчилигин өзүнө алабы?» — деп суроо салды ал.

Акаев мындай мыйзам бир гана Түркмөнстанда болушу мүмкүндүгүн белгилеп, «биз мындай жол менен кетпешибиз керек» деп айтты.

«Башка кишилер окубасын, башка жагы менен күлөт»

Эл өкүлү Рыскелди Момбековдун айтымында, «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорунда «эгер министрлер кабинетинин мүчөсүнүн мамлекеттик сыйлыгы болсо камакка алууга мүмкүн эмес» деп жазылган. Депутат буга кыжырданып, «анда кантип коррупция менен күрөшүүгө болот» деп суроо салды.

«Бул эмне деген түркөйлүк?! Эй, министрлердин баарында жок дегенде алкыш баракчасы бар да [...] Коррупцияга жол ачылат, баары сыйлык алып алат. Мактоо грамотасы дагы мамлекеттик сыйлыктын катарына кирет. Министрлердин бирөөнү да камоого болбой калат», — деди ал.

Ошондой эле Момбеков, министрлерди президенттин гана уруксаты менен жоопко тартууга болоорун сындап, «анда биротоло аларды кызыл китепке кирзип коёлу» деп какшыктады. Парламентарий депутаттар Жогорку Кеңештин уруксатысыз эле камакка алынып жатканын эскертип өттү.

«Биротоло анда министрлер кабинетин кызыл китепке эле киргизип, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жанына сейрек кездешүүчү адамдар деп жазып койбойлубу? “Буларга кол да, сөз да тийгизгенге болбойт, булар акыркы экземплярлар” деп. Эй ушундай да мыйзамды алып келесиңерби?!» — деди депутат.

Ал мыйзам долбоорун сындаган башка депутаттарга кайрылып, «Конституцияны өзгөртүп жатканда кесепети ушундай болот деп кыйкырып чыкканбыз, эми чала болот» деп айтты.

«Ошондо бүт Баш мыйзамды берип койгонбуз. Азыр өзгөртө албайсыңар эми. Каалаган кезде эски Баш мыйзам, каалаган кезде жаңы Баш мыйзмды иштетип башаламан болуп жатпайбы. А мына бул мыйзамыңарды алып кеткиле. Болбойт бул! Башка кишилер окубасын, башка жагы менен күлөт», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Парламент 22-июлда Садыр Жапаров сунуштаган «Министрлер кабинети жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам долбоорлорун карады.

Мыйзам долбоорлорунда ал аткаруу бийлигинин башчысын жана анын мүчөлөрүн парламенттин макулдугу менен дайындап, бирок өзү кызматтан бошотот.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн Жапаров өзү тандап, өзү кызматтан алат. Акимдер да министрлердей эле кол тийбестик укукка ээ болуп, кылмыш жасап жаткан жеринде гана кармалбаса башка учурда президенттин гана макулдугу менен жоопко тартылат.

Аталган мыйзам долбоорлору парламентарийлердин сынына кабылып, өлкө башчысы сунуштаган төрт мыйзам долбоору тең кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылды.