Санариптештирүүгө инвестиция тартуу маселелерине куратор болуп орусиялык экс-чиновник дайындалды

Президент Садыр Жапаров 21-июлда «Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө» жарлыгына кол койду.

Бул жарлыгы менен Жапаров президентке караштуу санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңешти түзүүнү тапшырды. Ал эми бул кеңештин катчысы кылып Жапаров кеңешчиси *Павел Хрипуновду дайындады. Ал коомдук башталышта иштеп, инвестиция тартуу маселелерине жооптуу болот.

*Ошол эле учурла президенттин сайтында Хрипунов өлкө башчысынын кеңешчиси катары көрсөтүлгөн эмес.

Өлкө башчысы министрлер кабинетине үстүбүздөгү жылдын 29-июлуна чейин байкоочу кеңештин аткаруучу органы катары долбоордук кеңсе уюштурууну тапшырды.

Павел Хрипунов деген ким?

Павел Хрипунов, сүрөт: kaktus.media

Павел Хрипунов Ош облусунун атуулу. 1977-жылы туулган. Tadviser порталынын маалыматына ылайык, 2001-жылы «Өнөр жай жана жарандык укук» адистиги боюнча Москванын мамлекеттик курулуш университетин аяктаган.

Ал эми маалыматтык технологиялар тармагында Хрипунов 1997-жылдан тартып иштеп келет.

2017-жылы ал Орусиянын пенсиондук фондунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын инфраструктурасын башкаруу департаментинин (ОПФ) жетекчилик кызматына дайындалган, бул кызматта ал АМС ОПФ-2 маалыматтык системасын уюштуруу жана коштоо маселелерин тескеген. ОПФдан 2018-жылы кеткен.

2018-жылы Навальныйдын* Владивостоктогу Штабы Хрипунов 2017-жылы 10,5 млн рубль тапканын билдирген.

*Навальныйдын штабдары — орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду (ККФ) тарабынан ачылган уюмдар. 2020-жылы КККФ чет элдик агенттин функциясын аткарган уюм деп жарыялаган. Ал эми бир жылдан кийин Москва шаардык соту фондду «экстремисттик уюм» деп тааныган. Ошол эле чечим менен сот ККФнын ишин чукул арада токтотуу жөнүндө токтом кылган. Эксперттер орус бийлигинин аракеттерин оппозицияга каршы күрөшүү жана аны өлкөдө жок кылуу катары баалашат.

«Силер ойлонуп көрсөңөр! Арабыздан көпчүлүгүбүз Хрипунов эмнени башкарып жатканын таптакыр эле түшүнбөйбүз. Чиновниктин кызматтык милдеттери ушунчалык тунук эмес, андыктан анын ишмердигинин натыйжалуулугун баалоо кыйла оор», — деп белгилешкен 2018-жылы Штаб кызматкерлери.