COVID-19: Он киши каза болду, жаңы 1 127 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 23-июлда өлкөдө коронавирустун 1 127 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 28 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 658 (12 медик);

Чүй облусунда — 134 (бир медик);

Жалал-Абад облусунда — 94 (жети медик);

Баткен облусунда — 82 (беш медик);

Ысык-Көл облусунда — 54 (эки медик);

Ош облусунда — 37 (бир медик);

Ош шаарында — 22;

Нарын облусунда — 19;

Талас облусунда — 7.

Ошондой эле өткөн суткада 1 396 бейтап айыгып, 10 киши каза болду — алардын бешөө Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында экиден, бирөө Жалал-Абад облусунда.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 155 005ке жетти. Оорудан 132 138 бейтап айыгып, 2 227 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 229 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын ичинде 243 кишинин абалы өтө оор. Мындан сырткары 15 845 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.