Айнагүл өзү жашаган үйдүн короосунан суу алууга аракет кылып жатат. Найзабек Мукамбетов/Kloop

Караколду ала булут каптап турат — түнөргөн асман жакын арада жамгыр төгөөрүнөн кабар бергенсийт. Эскилиги жеткен үйдүн айнегинен жаш баланын ыйлаганы угулду. Маргарита дубалдары күңүрт түскө боёлгон чакан ашканага жөрмөлөп кирген он айлык баласын колуна алып, жылмайып жүзүнөн сүйдү. Энесинин колуна барган наристе тез эле жоошуп калды.

«Биз таза суу ичпес болдук», — деген ал, айнек идиштеги бозомтук сууну тиктеп оор үшкүрдү.

Маргарита ашкананын чоргосун ачып тунук электр чайнекти тосту — чоргодон ылайланган боз суюктук куюлду.

«Мына ушундай суу агат бизде, бул Караколдо таза, ичүүчү суу деп эсептелет. Чындыгында бул — техникалык суу. Тамак-ашка колдонууга таптакыр мүмкүн эмес».

Маргарита ашканада баласын сооротуп жатат. Найзабек Мукамбетов/Kloop

«Мындай ылай сууга төлөбөйм»

Маргарита Азина Караколдо туулуп-өскөн. Азыркы учурда күйөөсү чет өлкөдө иштеп жатат, өзү эки баласы менен турат. Бул үй-бүлөнүн турмушуна түтүктөн келген суунун сапаты терс таасирин тийгизип келет.

Эки балалуу келиндин айтымында, Караколдо суу көйгөйү Маргарита бала кезде эле бар болчу. Бирок акыркы жылдары абал курчуп кеткен. Ал көп жылдар бою алмаштырылбай, эскилиги жеткен суу түтүктөрү жетиштүү денгээлде тазаланбагандыктан дагы суунун сапаты ушундай начар болуп жатабы деп божомолдойт.

«Түтүктөр качан болбосун жарылып кетет — алар деле эскирди, көп жылдар бою алмашылган эмес. Кээ бир райондордо бир сезондо бир нече жолу түтүк жарылат. Кээде суу араң эле шылдырап агат. Айрым учурда суунун басымы катуу болуп, адамдардын чорголорун алып түшкөн кездер болот», — дейт Азина.

Суу түтүктөрүнүн начардыгынан Маргарита дүкөндөн суу сатып алат — 50 сомго 5 литр таза суу келет. Бул суу болжолу бир суткага жетет — ичкенге, чай кайнатып, тамак жасоого. Андан тышкары, Маргарита суу тазалоочу чыпка да сатып алат — Азинанын айтымында, бирөө эки жумага жетет. Фильтр сатып алууга айына 700 сом сарпталат, ал эми ичүүчү сууну сатып алууга — дагы 1500 сом.

«Тоодон аккан тунук суусунун мекени делген өлкөдө жашап атып, биз техникалык суу ичип жатабыз. Таза суу — өмүр булагы — бул дем алган таза аба менен барабар. Биз андан куру калып жатабыз… Бизге техникалык суу келип жатса, эмне себептен таза суу үчүн төлөшүбүз керек?» — деп нааразы болду ал.

Маргаританын үйүнүн артында чакан чарбак бар. Анда куурайдан башка эч нерсе жок — Каракол шаардык «Суу-канал» ишканасы ичүүчү сууну сугатка колдонууга тыюу салган. Бирок, Маргаританын айтымында, шаар ичинде сугат үчүн арыктар дээрлик жок: «Чарбагымды сугаргым келсе, мен 10 километр арык казышым керек! Бул эми болбогон кеп да!».

Караколдун көйгөйлөрүн Маргарита фейсбук барагы аркылуу айтып берет

Чыпканын ордуна марли

Маргарита жашаган жерден үч көчө ылдый, дубалынын ар кайсы жери урап калган эки кабат эски үйдө Айнагүл жашайт. Ак жоолукчан аял көк желим чакасын көтөрүп короодогу шлангдан суу алганы чыкты. Тилекке каршы, шлангда тамчылаган да суу жок экен.

«Үйдүн ичинен суу чыкпайт. Бул кудуктун кайрадан иштеп баштаганына жыйырма күндөй болуп калды, кышында акпай калган болчу. Бирок аздан эле чыгат. Кээде бүгүнкүдө болуп суу таптакыр эле чыкпай калат. Жашоочулар суу алуу үчүн кезекке турабыз. Бир чакабыз бир саатта толот», — дейт ал.

Жамгыр жааганда Айнагүлдүн короосундагы шлагдан суу тамчылай баштады. Найзабек Мукамбетов / Kloop

Айнагүл Жумаалы кызы бул үйдө алты жылдан бери жашайт. Жалгыз бой эне беш баласын өзү тарбиялап келет. Бул үйдө Айнагүлдөр менен кошо 20 чакты адам жашайт — ар бир үйдө суу толтурулган чака-чайнек, беш литрлик желим бөтөлкөлөрдү көрүүгө болот.

Айнагүл «арманын» айтып болгуча жамгырдын алгачкы тамчылары тамчылап кирди. Ошол эле маалда, шлангдан курулдаган үн чыгып, шылдыраган суу куюла баштады.

Чака менен беш литрлик бөтөлкө - бул үйдөгү ар бир батирдин алмашкыс буюму. Найзабек Мукамбетов / Kloop

«Суу чыккан күндө деле ылай — чакага куюп койсок баткагы менен курттары түбүнө тунуп калат. Сууну көпкө чейин тундурмайын иче албайбыз», — деп түшүндүрдү ал.

Айнагүл атайын суу тазалоочу чыпка сатып алууга каражаты жок экенин кошумчалады. Аны деле алган менен жума сайын алмаштырып туруу керек. Андыктан сууну тундуруу үчүн кадимки эле марлини колдонот.

Чоргодон аккан сууну тундурганда. Найзабек Мукамбетов / Kloop

Үч эсе көп суу агызабыз

2011-жылы швейцариялык гранттын эсебинен Караколдо жаңы суу тазалоочу жайлар ачылган. Алар дээрлик 100 миң адамды — ушул таптагы шаар тургундарынын санынан 20 миңге ашык — таза суу менен камсыздоого ылайыкталган. Бирок, бул деле абалды өзгөртө албаган көрүнөт.

Каракол «Суу-канал» ишканасынын башчысы Фархат Алжамбаев тыюу салынганына карабай, көпчүлүк шаар тургундары таза сууну сугат иштерине колдоноорун айтат. Караколдуктардын чоргосунан таза суунун ордуна бозоргон сары суу агып жатышынын себеби да ушунда деп эсептейт ал.

Каракол шаардык «Суу-канал» ишканасынын башчысы Фархат Алжамбаев жумуш ордунда. Найзабек Мукамбетов / Kloop

«Мындан улам элге суу жетпейт, биз көбүрөөк бергенге аргасызбыз. Иш жүзүндө суткасына 20 миң кубометр суу берүүгө тийиш болсок, биз 60 миң кубометр — башкача айтканда, үч эсе көп суу беребиз. Ушул себептен суунун сапаты начарлайт», — деп түшүндүрдү ал.

Алжамбаевдин айтымында, жергиликтүү аткаминерлер азыркы учурда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен үйлөргө суу эсептегич орнотуу боюнча иштеп жатышат — бул долбоор 2022-жылы жазында ишке ашуусу керек. «Суу-канал» ишканасынын башчысы суу эсептегич орнотулса шаар тургундары сарамжалдыкка үйрөнүп, суунун сапаты жакшырат деген ойдо.

Жергиликтүү «Суу-каналдын» тазалоочу түзүмү. Найзабек Мукамбетов / Kloop

«Аталган долбоордун алкагында, шаар ичиндеги эски суу түтүктөрү да алмаштырылат», — деп кошумчалайт ал.

Андан тышкары, Алжамбаев Каракол шаардык мэриясы сугат үчүн арыктарды оңдоп-түзөп жатканын айтат — азырынча бул иштер 40%га аткарылды.