Ысык-Көл: «Алтын кумдагы» аквапарк мыйзамсыз орнотулганы аныкталды

«Алтын кум» пансионатындагы аквапарк

«Алтын кум» пансионатында 18 жаштагы Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ситников 27-июлда пансионаттагы аквапаркта каза тапкан. Аны суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүкчөсү соруп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгуу үчүн экскаватор менен кумду казып, түтүкчөнү кескен.

Учурда кырсык орун алган аквапарктын ишмердүүлүгү токтотулган. «Акипресс» басылмасы аттракциондор арматура менен тосулганын кабарлады.

«Аквапарк өз билемдик менен орнотулган»

Сүрөт: «Акипресс» басылмасы

Ал арада Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл району боюнча жетекчиси Чындыкбек Матисаев «Кактус» басылмасына аквапарк уруксат кагаздары жок орнотулганын билдирди.

«Объект башында эле текшерилип, анын коопсуздугу сыноодон өтүшү керек болчу. Бирок бул болгон эмес. Алар өз билемдик менен орнотуп алышкан», — деди Матисаев.

Ошондой эле Матисаев экотехинспекцияга 2019-жылдан тарта ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынганын белгиледи. Мындан сырткары, Матисаев аквапарк жеңил конструкциядан салынгандыктан аларды текшерүүгө ведомствонун укугу жок болгондугун кошумчалады.

Ал эми мекеменин Ысык-Көл району боюнча инспектору Таалайкүл Бектурсунова аквапарк муниципалдык жерде жайгашканын, аларга уруксатты жергиликтүү бийлик бергенин билдирди. Ошондой эле Бектурсунова жеңил конструкцияларды орнотууга архитектура башкармалыгы жана жергиликтүү бийлик жооптуу болгонун айтты.

Архитектуранын Ысык-Көл району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Дамир Абдиев болсо аквапарк мыйзамсыз орнотулганын тастыктады. Ошол эле учурда Абдиев аттракционду текшерүү экотехинспекциянын милдети дейт.

«Алтын кум» пансионаты кимге караштуу?

«Алтын кум» пансионаты 2016-жылга чейин Өзбекстандын мамлекеттик компанияларына таандык болуп келген. Ал эми 2016-жылы кыргыз өкмөтү «Алтын кум» жана аны менен бирге «Рохат-НБУ» (учурда «Алтын-Жай»), «Дилором» (учурда «Энесай») жана «Бустон» пансионаттарын улутташтырган.

Өзбек бийлиги бул чечим менен макул болбой, Эл аралык арбитражга кайрылган. Бир жылдан кийин Кыргызстан аларды кайра Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин чыгарган — алар совет мезгилинде Өзбекстандын ССРнин каражатына курулган жана 1992-жылдагы келишим боюнча Өзбекстанга таандык болгон.

Өкмөттүн ошол кезде айтканы боюнча, мындай чечим эки өлкөнүн ортосундагы түбөлүк достук келишиминин алкагында чыгарылган, ага ылайык жогоруда айтылган аймактар Өзбекстандын убактылуу колдонуусуна берүү боюнча макулдашуу даярдалган. Өзбек тарап пансионаттардагы шарттарды үч жана төрт жылдыздуу мейманканалардын деңгээлине чейин жакшыртууга, кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылууга милдеттүү болгон.

Бирок 2019-жылы майда өкмөт Өзбекстан менен келишимге кол коюлбай калганын билдирген. Маммүлктү башкаруу фондусунун маалыматына караганда, пансионаттарды «Мүлк» мамишканасы башкарат.