Коронавирустан 13 киши каза болуп, 930 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 29-июлда өлкөдө коронавирустун 930 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 528;

Чүй облусунда — 142;

Жалал-Абад облусунда — 67;

Ысык-Көл облусунда — 57;

Баткен облусунда — 56;

Ош облусунда — 43;

Нарын облусунда — 17;

Талас облусунда — 16;

Ош шаарында — 4.

Ошондой эле өткөн суткада 1 450 бейтап айыгып, 13 киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 161 015ке жетти. Оорудан 141 499 бейтап айыгып, 2 306 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 3 746 бейтап ооруканаларда, 12 164 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.