Парламент экономикага ӨК режимин киргизүү мыйзамын үч окууда жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды. 81 депутат «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди.

Экономикага кирүүчү өзгөчө кырдаал режиминин мөөнөтү алты ай.

Депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам кабыл алынганга чейин эле телеграм-каналы аркылуу «бул бизнес жана карапайым жарандар үчүн өтө коркунучтуу долбоор» экенин деп айткан болчу.

«Мисалы, эмне үчүн министрлер кабинети карыздын ордуна кайсы бир компаниянын акциясын алып, аларды сатыш керек экени түшүнүксүз. Бул абдан коркунучтуу, анткени бюджеттин эсебинен кайсы акциялар алынганын, кандай баада сатылганын парламент көрө албайт. Мунун экономикадагы өзгөчө кырдаалга эч кандай тиешеси жок, бардыгы министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн жасалып атат. Ошондой эле, документке ылайык өкмөт парламенттин макулдугу жок эле салык ставкаларын өзгөртө алат. Элестеткиле, [эртең менен] ойгонсоңуз эле кошумча нарк салыгы 12 эмес, Орусиядагыдай 20%ды түзүп калган» — деди ал.

Мыйзам долбоорун депутаттар 29-июлда талкууга алып чыкты, а бирок экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров 27-июлда эле сунуштаган болчу.

Анда экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Жапаров парламент депутаттарына кайрылып, мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алууну суранган. Бирок документтин текстти эч жакка жарыяланган эмес, ага карабай мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынган.

Комитет жыйынында Жапаров кандай шартта экономикага ӨК режимин киргизүүгө болорун айтып берген:

  • өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын индексинин өсүшү үч ай катары менен орточо 3,5 пайызга жогоруласа;
  • ички дүң продукциянын көлөмү мамлекеттик карыздын суммасы белгиленген чектен 20 пайызга ашып кетсе;
  • үч айдын ичинде ички дүң продукциясын түзүү экономика тармактарынын индекси 10 пайызга кыскарса;
  • үч айдын ичинде тышкы соода жүгүртүү 10 пайызга кыскарса;
  • салык төлөмдөрүнүн көлөмү 10 пайызга азайып кетсе;
  • инвестициялык климаттын кескин начарлап кетсе;
  • эки кварталда чет өлкөгө чыгып кеткен инвестиция 20 пайызга өсүп кетсе.
  • өлкөнүн экономикасына оор залакасын тийгизген табият кырсыктарынын кесепеттери.

Ошол эле учурда, министирлер кабинети Жогорку Кеңештин макулдугун албай эле бюджеттин киреше жана чыгашасынын 20%ын тескей алат. Ал үчүн министрлер кабинетинин башчысы президентке кайрылса эле жетиштүү.

Ал эми, мыйзамды окуп чыккандан кийин депутат Бекешев, өлкөнүн азыркы абалы өзгөчө кырдаал киргизүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын белгиледи.

«Менин түшүнгөнүм боюнча, бул мыйзам кабыл алып, андан соң дароо эле экономикага ӨК режимин киргизүү үчүн керек. Парламентке кайрылуу да талап кылынбайт», — деп түшүндүрдү ал. Аны менен катар, мыйзам долбоору болгону министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын кеңейтип жатканын кошумчалады.

Мыйзам долбооруна Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит дагы реакция жасады. Анын айтымында, долбоордо «ишкердик субъекттерине жана жалпы өлкөнүн экономикасына потенциалдуу түрдө терс таасирин тийгизүүчү» ченемдер камтылган.

Аны менен бирге, «сунушталган чаралардын ачык-айкындуулугу жана негиздүүлүүгү суроо жаратат» дейт Орд-Смит. Себеби анда министирлер кабинетине салык төлөөчүлөр үчүн кошумча милдеттемелерди киргизүүгө жана салыкты администрациялоо жол-жоболорун өзгөртүүгө жол берет.

Экономисттер болсо мындай мыйзам долбоору менен мамлекет Кыргызстандагы бизнести көзөмөлдөгүсү келет деп эсептешет.

«Мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү опурталдуу. Мындайда тобокедер менен пайданы тараза ташына салуу керек. Кыргызстандын шартында, мамлекеттик органдар коррупциялашып, мамлекеттик жөнгө салууга ишкерлер ишеним көрсөтпөгөн чакта мындай мыйзам кабыл алуунун зарылчылыгын көрбөй турам.

Белгилеп кетүүчү жагдай, мыйзам долбоору парламенттин ролун мурдагыдан да алсыздантат. Бюджетти сарптоо эки эсе, үч эсе көзмөлдү талап кылат. Бул тармакта көптөгөн түрдүү кыянат пайдалануулар болушу мүмкүн. Парламент менен акылдашпай, казынадагы акчаны шашылыш бөлүштүрүү менен ансыз да коррупцияга баткан тармактагы коррупциялашуу коркунучун жогорулатып гана тим болбой, мамлекеттик каражатты ыксыз жок кылууга алып келет», — деп эсептейт Азамат Акенеев.