Коронавирустан 14 киши каза болуп, 919 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 31-июлда өлкөдө коронавирустун 919 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 515;

Чүй облусунда — 154;

Жалал-Абад облусунда — 73;

Баткен облусунда — 57;

Ысык-Көл облусунда — 50;

Ош облусунда — 29;

Нарын облусунда — 23;

Талас облусунда — 10;

Ош шаарында — 6.

Ошондой эле өткөн суткада 1 580 бейтап айыгып, 14 киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 162 892ге жетти. Оорудан 144 564 бейтап айыгып, 2 325 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 3 831 бейтап ооруканаларда, 10 860 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.