Жакында эле Жогорку Кеңеш парламенттеги аялдардын квотасын азайтты — мурда аял депутаттардын саны 30%дан кем болбошу керек болсо, азыр 25%га төмөндөдү. Мыйзам президент кол койгондон тартып күчүнө кирет.

«Ар бир депутаттын экинчисин аял кылсак анда парламент болбой эле, “Кыз-Бурак” ансамбли болуп калат да», — деп билдирди депутаттардын бири жыйын учурунда. Мындай кеп-сөз депутат айымдарды дайыма коштоп жүрөт — ар бир чакырылыш «ушу аялдарды көчүккө тебиш керек» же «жигиттердин укугу бузулуп жатат» деген сөздөрдү айтып келет.