Коронавирустан 10 адам каза болуп, 954 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын 1-августка карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун жаңы 954 учуру катталып, 10 адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек — 582;
  • Чүй облусу — 87;
  • Жалал-Абад облусу — 73;
  • Ысык-Көл облусу — 58;
  • Баткен облусу — 58;
  • Нарын облусу — 43;
  • Ош облусу — 33;
  • Талас облусу — 12;
  • Ош шаары — 8;

Бүгүнкү күндө 3 759 бейтап ооруканаларда, 10 369 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле өткөн суткада 1 497 адам ооруканадан айыгып чыкты, айыккандардын жалпы саны 146 061 адамды түздү. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 163 846 адам коронавирус жуктуруп, 2 335 киши каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.