Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында Кой-Таш айылындагы үйү штурмга алынгандан бери эки жыл өткөнүнө байланыштуу билдирүү жасады. Атамбаев өзү бийликке алып келген экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен өлкөнүн азыркы башчысы Садыр Жапаровду кескин сындады.
Жээнбековдун тактан кулашы
Атамбаевдин пикиринде, анын Кой-Таштагы үйүнүн штурмга алынышы Жээнбековду тактан оодарууга алып келген. Ошондой эле, азыр өкүм сүрүп жаткан «укуктук башаламадныктын пайдубалы» ошондо куюлган деп эсептейт.
«Эгерде 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларынан кийин Акаевдердин бийлигинин күнү бүткөн болсо, Жээнбековдордун режиминин кулашы 2019-жылдын 7-августунда башталган. Анткени, бийликтин куралчан согушкерлери мамлекеттик күзөт кызматы кайтарган үйдүн коргоосуна бастырып кирип, анда чогулган тынч жарандарга кол салуусунан кийин Жээнбековдун башкаруучу кланы мындан ары өз билгенибизди кылабыз деген чечимге келген», — деп жазылат мурдагы президенттин кайрылуусунда.
Атамбаев жеңиштен 14 ай өткөндөн кийин Жээнбековдордун кланынын «иши бүткөнүн», ал эми Кой-Таштагы операциянын башында тургандар «жазадан кутулуунун айласын издеп, качып жөнөгөнүн» белгиледи. Бирок, Атамбаевдин пикиринде, Кой-Таш окуясын байланыштуу кылмыш иштерин «токуган» тергөөчүлөр менен прокурорлор кызматтан өйдөлөгөн.
Жапаров жана өч алуу
Атамбаев азыркы президент Садыр Жапаровго мындай тергөөчүлөр менен прокурорлордон арылууну кеңеш кылып, антпесе «ал Кыргызстанды саздан чыгармак турсун, бул ылайдан өзү суурулуп чыга албай каларын» эскертти. Ошондой эле Атамбаев Жапаровдун убакытты «куугунтуктоого эмес, өнүгүүгө» жумшоо керек деген өзүнүн сөзүн мисал кылган.
«Садыр Жапаров абдан туура жана таамай айткан. Куугунтуктоо жана өч алуу — туңгуюкка алып баруучу жол», — деп жазды Атамбаев.
Мурдагы президент куугунтукка албоо принциби бозгун президенттер Аскар Акаев* менен Курманбек Бакиевге гана эмес, өзүнүн саясий атаандаштары менен катардагы жарандарга карата да колдонулушу керектигин белгиледи.
*Аскар Акаев Бишкекке 2-августта келип, дароо эле УКМКга жеткирилген. Ал атайын кызматка «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Ошол эле күнү бошотулуп, кичи мекени Чоң Кеминге барган. Кыргызстанга келгенден бери бозгун президент башка аткаминерлер менен жолугушууга жетишкен. Ал 2005-жылы «жоогазын революциясынан» кийин тактан кулап, өлкөдөн чыгып кеткен.
Баарынын оозун басты
Мурдагы президент анын үйү чабуулга алынганда жабыр тарткан жарандарды да эскерди. Ал «Ички иштер министрлиги менен Аскер прокуратурасынын көпкөн кызматкерлери» аларды коркутуп-үркүтүп, сүйлөгүс кылган деп эсептейт.
«Күнөөсүз адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилген. Жада калса мыйзамдуу түрдө мени кайтарган Мамлекеттик күзөт кызматынын офицери Канат Сагымбаев дагы бир жылдан ашык ТИЗОдо отуруп чыкты. Ал бүгүн да үй камагында», — деп жазылат билдирүүдө.
Атамбаев билдирүүсүн «убакыт баарын өз ордуна коёт» деген сөз менен жыйынтыктайт.
«Эртеби-кечпи Кой-Таш окуясы тууралуу чындык айтылат. Аны айрым погончон кубулмалар канчалык жаап жашыргысы келсе да, ишке ашпайт. Алар бизди соттоп, ТИЗОго салышы мүмкүн, бирок чындыкты соттоп, камакка ала албайт! Акыры чындык жеңет, тынч жарандарга ок чыгарууга буйрук бергендер, кылмыш иштерин “токугандар” — бардыгы жоопко тартылат», — деп белгиледи Атамбаев.
Ал кадимки соттон тышкары, мөөнөтү чексиз элдик, тарыхый сот бар экенин кошумчалады.
Атамбаевдин үйүн штурмга алуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 2019-жылдын 8-августунда кармалган. Анда штурм учурунда атайын кызматтын бир офицери каза таап, 100гө чукул адам жабыр тарткан.
Штурмга алууга ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда конфликт негиз болгон. Барынан кызыгы, 2017-жылы президенттик шайлоодо Атамбаев Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, жарышта сүрөп турган.
Атамбаев менен Жээнбековдун чыры ачыкка чыккандан кийин, парламент тарабынан мурдагы президентке коррупция жана кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча айып тагылган.
Башкы прокуратура бул айыптоолорду колдогон — көп өтпөй Атамбаев кол тийбестик укугунан ажыратылган. Бул болсо прокуратурага аны суракка чакырууга мүмкүнчүлүк берген. Бирок мурдагы президент Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка үч ирет келген эмес. Анын Кой-Таштагы үйүн штурмга алуунун расмий себеби да ушул болгон.
Штурмдун биринчи күнү, 7-августта Атамбаевдин тарапташтары атайын операция жүргүзүү үчүн келген УКМКнын алты кызматкерин барымтага алган. Бирок эртеси күч органынын кызматкерлери бошотулуп, Атамбаев колго түшкөн.
Камакка алынгандан кийин бийлик Атамбаевге карата бир нече кылмыш ишин козгоп, массалык баш аламандыктарды уюштурууга, адамдарды барымтага алууну уюштурууга, адам өлтүрүүнү уюштурууга жана адам өмүрүнө кол салууга аракеттенүүгө айыптаган. Ушул тапта Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү колониясында.
Ал ошондой эле 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтында «Массалык баш аламандыкты уюштурууга» шектелип жатат.